Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Монреал протоколу Кыргызстанга 300 миң доллар бермей болду


БИШКЕК. Монреал протоколунун аткаруучу органы озон катмарын бузуучу заттарды четтетүүгө Кыргызстанга 2005-жыл үчүн 300 миң доллар берүүгө макул болду. Мындай макулдашууга тараптар Монреал протоколунун аткаруучу органы Прага шаарында уюштурган 16-конференциясында келишти. Конференцияга экология жана күтүүсүз кырдаалдар министринин орун басары Болотбек Айдаралиев катышты. Кыргызстандын айыл чарбасында дан эгиндерин сактоо үчүн бромис метили кеңири пайдаланылат. Эл аралык уюмдун тизмесине бул озонду бузуучу зат катары кирген.
Конференциянын алкагында Кыргызстандын күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин өкүлү Чехиянын айлана чөйрөнү коргоо министрлигинин жетекчилери менен Актүздөгү уран калдыктарын сактоочу жайды рекультивациялоо боюнча биргелешип аракеттенүү маселесин да талкуулашты.

XS
SM
MD
LG