Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Минск калаасында КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун бөлүм башчылар отуруму башталды


БИШКЕК. Отурумга тышкы иштер министрлигиинин КМШ боюнча башкармалыгынын башчысы Муратбек Азымбакиев катышууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан бүгүн билдиришти. Анда КМШдагы мамлекеттер аралык тышкы саясаттын натыйжалуулугун арттыруу жана 15-16-сентябрда Астана шаарындагы КМШ өлкөлөрүнүн отурумунун жыйынтыгы талкууланат. Шериктеш мамлекеттерде өткөн шайлоолорго байкоочулардын баасы, КМШнын органдарын реформалоо багытындагы маселелер каралат. Ошондой эле Улуу ата мекендик согуштун жеңишинин 60 жылдык мааракесин жана Чернобыль АЭСиндеги аварияга 20 жыл толгондугун белгилөөнүн иш чарасы талкууланат.

XS
SM
MD
LG