Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

ЕККУ жыйынына Аскар Айтматов барбайт


БИШКЕК. Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу кечээ Болгариянын баш калаасында башталды. Ага Кыргызстандан тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун ордуна анын орун басары Эркин Мамкулов катышып жатат. Министрликтин басма сөз кызматы Аскар Айтматовдун Софияга барбай калышын, анын бул жердеги ишинин көптүгү менен байланыштырды.
Ал эми София жолугушуусунда тараптар Ооганстан, Ирак жана Украина маселелери боюнча пикир алышат. Ошондой эле Кызматташтык уюмун реформалоого байланышкан маселелер талкуулашат. Жолугушуунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министринин өкүлү уюмдун жетекчилиги менен жолугушаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG