Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

АЯЛДАР ЖАНА ПАРЛАМЕНТ: УКУК БАР, А МҮМКҮНЧҮЛҮКЧҮ?


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар өлкөдө боло турган шайлоолор алдындагы аракеттеринин алкагында “Аялдарды алга жылдыруу” деп аталган платформасын кабыл алуу тууралуу Меморандумга кол койду. Бул платформа алдыдагы шайлоо аркылуу гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган. Анын алкагында бейөкмөт уюмдар шайлоо алдында аялдардын саясий активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.

Аялдардын өлкөдөгү 6 бейөкмөт уюму тарабынан кабыл алынган платформанын башкы максаты: алдыда парламентке аялдардын арасынан көбүрөөк талапкерлерди көрсөтүп, шайлоо өнөктүгүнө алардын активддүү катышуусуна көмөктөшүү, өлкөнүн башкаруу структураларына аялдарды көбүрөөк өткөрүүгө өкмөттүн да катышуусун талап кылуу, бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгүн жогорулатуу.

Кыргызстан Аялдардын укуктарын сактоо жана гендердик өнүгүүгө көмөктөшүү каралган Эл аралык Конвенцияларга кошулган. Бирок, аялдардын айрым бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү белгилегендей, Кыргыз өкмөтү азырга чейин аялдардын укуктарын коргоо боюнча эл аралык Конвенцияларда каралган өзүнүн милдеттерин аткарбай келет. Бул жөнүндө Бишкектеги Социалдык технологиялар агенттигинин төрайымы Гульнара Ибраева:

- Мамлекет аялдарды колдоо боюнча атайын колдоо чараларын көрсөтүүгө милдеттүү. Эгреде көптөгөн бейөкмөт уюмдар бул маселени көтөрүп чыкса, биз оң жыйынтыктарга жете алабыз деп ойлойм, - дейт Гульнара Ибраева.

Учурда Кыргызстандын аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук Кеңеш, аялдардын ондогон бейөкмөт уюмдары жана кризистик борборлору учурда өлкөдө гендердик өнүгүүнү өркүндөтүүгө көмөктөшүү, аялдардын саясий активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча, аларга карата зордук-зомбулуктарга каршы иш-чараларды жүргүзүүдө.

Ал эми Аялдарга жардам көрсөтүү борборунун торайымы Роза Айтматова болсо, алдыдагы парламенттик шайлоодо мурдагы шайлоого караганда аялдардын көбурөөк өтүшү күмөн. Анткени, азырынча ага бир жагынан коом даяр эмес, экинчи жагынан аялдар өздөрү да бул багытта жетиштүү иш жүргүзө алган жок:

- Өткөн парламенттик шайлоодо да аялдар 1-2 ай гана калганда, иш-аракеттерин башташкан. Бул өтө аз. Ошондуктан, бул ирет да, парламентте аялдардын саны өтө аз, азыркыга караганда да аз болот деп ойлойм. Биз шайлоодон шайлоого чейин активдүү иштешибиз керек, - дейт Роза Айтматова.

Европанын эң өнүккөн өлкөлөрүнүн катарына кирген Швециянын парламентинин 45 пайзын, Норвегиянын парламентинин 35 пайызын аялдар түзөт. Бул өлкөлөрдө коррупциянын өнүгүү деңгээли да төмөн. Кыргызстанда да башкаруу тармагында, парламентте аялдардын саны көбүрөөк болсо, өлкөнүн саясий, экономикалык өнүгүүсүндө позитивдүү көрүнүштөр орун алышы ыктымал деген пикирлер да айтылып келет. Буга байланыштуу Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысы Эсенгул Исаков мындай дейт:

- Аялдар чындыгында уурдоо, коррупция сыяктуу жаман иштерге, интригаларга көп барбайт. Ошондуктан, мен аялдар бийликке көбүрөөк келишсе, көбүрөөк позитивдүү көрүнүштөр болоор эле деп ойлойм.

“Умай эне” бейөкмөт уюмунун төрайымы Гульнара Орокбаева бүгүнкү күндө Кыргызстанда аялдардын өздөрүнүн активдүүлүгү жетишсиз болуп жатат деген пикирин төмөнкүдөй билдирди:

- Биз, аялдар чындыгында, өзүбүз жакшы аракет кылбайбыз. Биримдигибиз жок. Шарттар бар бийликке, парламентке көбүрөөк келүүгө. Бирок, өзүбүз да аракет кылышыбыз керек, - дейт Гульмира Орокбаева.

Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Токтокан Боромбаева аялдардын саясий активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн:

- Ал үчүн атайын мамлекеттик программа, аялдарды коом тарабынан колдоо керек. Аялдардын азыркы оор социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу зарыл, - дейт депутат Токтокан Боромбаева.
XS
SM
MD
LG