Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:49

Казак оппозициясынын жетекчилигине парламенттин мурдагы спикери шайланды


Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын мурдагы спикери Жармахан Туякбай кечээ күнү Демократиялык күчтөрдүн координациялык кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул Кеңешти октябрда Коммунисттик партия менен биргелешип "Ак-Жол" жана "Казакстандын демократиялык тандоосу" деп аталган кыймылдар түзгөн жана анын негизги максаты - оппозициялык күчтөрдү бириктирүү. 19-сентябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары одоно бурмаланган деп, Туякбай октябрда кызматынан чегинген жана президент Нурсултан Назарбаевдин "Отан" партиясынан да чыгып кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG