Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:46

Айданбек Ташкенбаев, Бишкек Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны жакынкы күндөрдө Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасы тууралуу келишимди ратификациялоо маселесин карайт. Өкмөт эки өлкөнүн чек арасында талаш жерлер жок десе, айрым депутаттар тескерисинче андай участоктор бар деп билдирүүдө.

Кыргызстан менен Казакстан президенттери эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасы тууралуу келишимге 2001-жылы Астана шаарында кол коюшкан. Казак парламенти ал келишимди ратификациялаган. Кыргыз парламенти болсо бул маселени жакын арада карамакчы. Учурда депутаттар коопсуздук комитетинин сунушу боюнча эки мамлекеттин чек арасы боюнча макулдашуунун документтери менен таанышууда. Бир катар депутаттар бул келишимде Кыргызстан кызыкчылыгы сакталбай калган деген пикирди айтууда. Маселен Талас облусунда ушундай маселе бардыгын Карабуура шайлоо округунан шайланган депутат Алымбай Султанов билдирди:

- Ал жерде чечилбеген маселе калбады дегени туура эмес. Эгерде мени калп айтып жатат десе, анда жергиликтүү элден сурасын. Үч жер боюнча чечилбеген маселе бар. Тактап айтканда, Үчкоргон айылынын этегинде, Май айылынын өкмөтүнүн тегерегинде, Акчий өкмөтүнүн тегерегинде илгерки Жоонтөбө асыл тукум мал өстүрүү чарбасынын жайыттарында, Көксай айыл өкмөтүнүн айылынын айланасында да маселе бар.

Бирок өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы, чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдөгү кыргыз делегациясынын жетекчилеринин бири Саламат Аламанов андай пикирлерге кошулбасын билдирип, буларга токтолду:

- Изилденген документтер, ар бир облус, райондун архивиндеги жер боюнча мамилелерди карап көрсөк Казакстан менен талаш деген жерлер жок экен. Болгону бир документ бар экен. Ал Бүткүл россиялык борбордук аткаруу комитетинин 1930-жылдагы Кыргыз АССР менен Казак АССРинин ортосундагы чек ара тууралуу токтому экен. Ошондуктан биз ушул документтин негизинде чек араны тактап, административдик чек араны мамлекеттик чек аранын статусуна өткөрүп атабыз.

Анын айтымында, айрым участоктор Казакстанга өткөн менен бир топ жерлер Кыргызстанга өттү. Маселен, Манас районундагы Новодонецк айылына суулуу 70 гектар жерди, Чүй аймагында да бир катар жерлерди алдык. Биз бердик эле дей бербей, алганыбызды да эсепке алыш керек, деп белгиледи Саламат Аламанов.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаков кыргыз-казак чек ара макулдашуусундагы маселелер катары буларды атады:

- Өкмөт айтууда талаш жок деп. Туура алардын айтканы боюнча. Себеби өкмөт тигил тарап сураган жерлерди берип койгондон кийин кайдагы талаш болсун? Талаш парламентте чыгат. Анткени президент бул документке кол коердон мурун бир топ участкалар өтпөсүн деп комитет чечими менен сунуштаганбыз. Президент ал сунушту эске албай эч кандай талаш жок деп кол коюп койгон.

Анын айтымында, депутаттар бул келишимге байланыштуу материалдар менен таанышууда. Менин оюмча алар өтө жоопкерчилик менен чечим кабыл алат деп ойлоймун. Менин пикиримче, бул келишимди ратификациялоодо да чыр чыгат. Анткени жалпысынан 4миң 172 гектар жер Казакстанга өтүүдө, дейт Исмаил Исаков.
Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Алардын ичинен Кытай менен мамлекеттик чек арасын аныктоону аяктаса, Казакстан менен акыркы чекитти коюуга даярданууда. Ал эми Өзбекстан жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүргүзүүдө. Өзбекстан менен 1295 чакырым келген чек аранын 1 миң чакырымдан ашууну делимитацияланган. Калган 300 чакырым аралык боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Тажикстан менен болсо кайсы документтердин негизинде чек ара аныкталаары боюнча талкуу уланууда, деп белгиледи Саламат Аламанов.
XS
SM
MD
LG