Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

УКРАИНА КОНСТИТУЦИЯСЫН ӨЗГӨРТТҮ


Украинанын парламенти конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам кабыл алды. Мындан тышкары президентти шайлоо жөнүндөгү мыйзам да жаңы нормалар менен толукталды. Парламент ошондой эле борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы составын таркатып, жаңысын бекитти. Президент Леонид Кучма кабыл алынган мыйзамдарга түз эле Раданын залында кол койду. Оппозициянын талабына ылайык, өлкөнүн башкы прокурору да кызматтан бошотулду.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык,конституцияга жаңы жобо киргизилди. Мындан ары премьер-министрдин кандидатурасын президентке парламенттеги конституциялык коалиция, б.а. 226 депутаттан турган топ көрсөтөт. Ушул эле коалиция өкмөттүн толук составын сунуш кылып, аны бекитет жана кызматтан алат. Азыркы конституцияга ылайык, президент премьерди парламенттин макулдугу менен кызматка дайындайт. Ал эми өкмөттүн составын премьер сунуш кылып, президент бекитет.

Жаңы мыйзамдарга ылайык, коопсуздук кызматынын жетекчисин президенттин сунушу менен парламент кызматка дайындайт жана бошотот. Башкы прокурорга байланыштуу да ушундай усул колдонулат. Парламенттин бийлик мөөнөтү болсо төрт жылдан беш жылга узартылат.

Мындай өзгөртүүлөр өлкө иш жүзүндө парламенттик-президенттик системага айлана турганын билдирет.

Парламент президентти шайлоо жөнүндөгү мыйзамга да жаңы нормаларды киргизди. Мурдагы мыйзамда каралган эрежеге ылайык, шайлоого катыша албаган адамдар үчүн алардын табыштоосу жана тилкаты менен башка бирөөлөр добуш бере алмак. Эми мындай учурлардын саны кыскартылат. Шайлоо комиссияларына талапкерлерден тең бирдей өкүлдөрү киргизилет, добуш берүү процессине көзөмөл жүргүзүү күчөтүлөт. Мунун баары, депутаттардын ишениминде, добуштардын санагын бурмалоо мүмкүндүгүн азайтат.

Парламент өлкөнүн борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы составын таркатып,анын ордуна комиссиянын жаңы курамын бекитти.

Президент Леонид Кучма кабыл алынган мыйзам таңыктарына түз эле парламенттин залында кол койду. Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу мыйзам келерки жылдын күзүндө, ал эми калган мыйзамдар жарыяланар замат күчүнө кирет.

Оппозициянын талабына ылайык, өлкөнүн башкы прокурору да кызматтан бошотулду. Кучма анын отставкасын кабыл алды.

Бүгүнкү чечимдерди парламенттин спикери Владимир Литвин өлкөнүн бөлүнгүс жана бир бүтүн бойдон каларына кепилдик деп атады. Ал ошондой эле президент Кучмага ыраазылык билдирип,парламент эки тарапты тең алымсындырган чечимге жетишкенин билдирди. Кучма да соңку жүз жылда Украина эчен курдай кризистерге кептелгенин, бирок качан болсун мындай кырдаалдан чыкканга жол таап келгенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG