Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:02

МААЛКАТТЫРГАН ЖАРДЫК, ШАЙЛОО КАМЫЛГАСЫНА КИРИШКЕН ТАЛАПКЕРЛЕР


Кыргызстандын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо эмдиги жылдын 27-февралына чектелген. Күтүлүп аткан президент жарлыгы 10-декабрда чыгып калса шайлоо марасына 80 күн убакыт берилет. Борбордук шайлоо комиссиясы бул аралыкта аткара турган иштеринин календарлык планын жарыя кылып, алдыдагы чоң саясий өнөктүк камылгасы убакты-саатында бүтөрүн маалым кылды.

Өткөн жылдын күзүндөгү Грузиядагы парламент шайлоо «роза ыңкылабына» ооп, анын натыйжасында бийлик алмашып, жаамы дүйнөнү таң калтырган үлкөн өзгөрүш болуп өттү. Быйыл ошого окшош эле окуя Украинада да кайталанды. Эки өлкөдө тең бийликтен тажаган эл жаңыланууну талап кылып аянтка агылып чыгып, айласын таппай турган оппозицияга арка-бел болуп беришти. Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигиндеги алдагы эки окуянын уландысы эми кайсы өлкөдө кайталанары азырынча табышмак.

Кыргызстан оголе чоң саясий сыноого башбагып турат. Президент А.Акаевдин күттүргөн жарлыгы парламент таймашка жол ачып, саясий күрөштү ачыкка чыгарат. Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун тажрыйбасы көрсөткөндөй, кезектеги сыноодон өкмөт таламын талашкан саясий күчтөр парламенттеги көп орунду ээлеп калышы деле ыктымал. Аны Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Муратбек Мукашев мындайча чечмелейт:

- Бийликтеги кишилердин да ою бар. А эгерде, «Алга, Кыргызстан!» партиясы баары парламентке келип калсачы? Азыр, мына президенттин ою кызык болуп турат. Ал парламент шайлоону күтүп атат. А эгер ошондой чыгып 50 адам президент жакта болуп калса, анда, демократия болобу же болбойбу? Демократияга ушундан коркунуч туулуп атат. 50 киши болгондон кийин үчтөн эки болуп алып Конституцияны өзгөртүү чыгышы мүмкүн. Мына, Орусиядагы «Единая Россия» партиясы 350 орунду алды, андан Мамлекеттик Думанын баркы кандай болуп калды?
XS
SM
MD
LG