Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:29

9-декабрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында, 9-декабрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Талас, Чүй, Ош, Баткен, Жалалабад облустарынын кээ бир жерлерине туман түшөт.

ЧҮЙ өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн –2…-7 градус суук, күндүз +5…+10 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн –3…-8 градус суук, күндүз +4…+9 градус жылуу болот.
Республиканын ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн –1…-6 градус суук болуп, күндүз +5…+10 градус жылуу болушу күтүлөт.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн –1…-6, чыгыш тарабында –10 градуска чейин суук болот. Күндүз +4…+9 градус жылуу.
НАРЫН облусунда түнкүсүн –9…-14 градус суук, ал эми күндүз 0…+5 градуска жылыйт.
БИШКЕК шаарына мезгил-мезгили менен туман түшүп турат. Абанын температурасы түнкүсүн –4…-6 градус суук, күндүз +7…+9 градус жылуу.


Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева,Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

Редактор – Султан Раев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG