Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:34

Европа банкы Кыргызстанга 3 миллион доллар кредит береби?


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын президенти Жан Лемьер иш сапары менен келди. Ушул эле күнү ал мамлекет башчы Аскар Акаев жана бир катар өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Банк жетекчиси эртең чет элдик инвестиция тартуу боюнча Консультативдик кеңештин мамлекет башчы Аскар Акаевдин төрагалыгы астында, Токмок шаарында өткөрүлө турган жыйынына катышат. Жыйын соңунда Кыргызстан менен аталган банктын ортосунда кредиттик келишимге кол коюлат. Келишим боюнча Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 3 миллион доллар кредит берээри болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG