Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:02

УСУНДАР КИМ БОЛГОН?


Тарыхта жазылгандай усундар азыркы Кыргызстандын аймагында жашаган калк болгон. Кытай жазма булактары усундардын бойлору узун, көздөрү көк, өңү сары адам болушкан деп сүрөттөшөт. Мындан улам айрым илимпоздор усундарды энесайлык кыргыздардын теңиртоодогу бир бутагы деп эсептешет.

Кыргызстандын аймагында илгертеден эле ар түркүн калктар жашап, бир канча мамлекеттик түзүлүштөр өкүм сүргөн. Алардын бири б.з.ч. III к. куралган Усун мамлекети болгон. Кытай жазма булактары усундардын бойлору узун, көздөрү көк, өңү сары түспөл адамдар деп сүрөттөшкөн. Мындан улам илимде усундардын теги жана алардын кайсыл калктын өкүлдөрү болушкан деген талаш маселе жаралган. Европалык окумуштуулар Абель Ремюза, Юджин Клапрот жана орус илимпозу Г.Е.Грумм-Гржимайлолор усундарды түрк жана иран тектүү калк деп далилдешкен. Айрым илим адамдары аларды фин-угардук калктын өкүлдөрү деп эсептеп келишет.

Советтик окумуштуулардын басымдуу бөлүгү жетисуулук усундарды байыркы грек авторлорунун эмгектеринде кездешкен асиандар болушса керек деген жоромолдорду айтышкан.

Таанымал этнограф Н.А.Аристов өз убагында усундарды түрк тилдүү калк деп, ал түгүл алар энесайлык кыргыздардын жетисуудагы бир бутагы деп жазып чыккан. Н.А.Аристовдун этнографиялык материалдарга таянып жасаган тыянагы, кытайтануучуулар тарабынан колдоого алынып, жапон окумуштуусу К.Сиратори усун мамлекетинин айрым бийлик титулдары түрк тилинде экендигин аныктаган.

Кытай жазма булактары кабарлагандай Усун мамлекетинин башчысы «Куньмо» титулун алып жүргөн К.Сираторинин пикири боюнча «Куньмо» титулу Кытай тилинен которгондо «хан бек» деген сөздү түшүндүрөт. Ал эми «хан» жана «бек» сөздөрү түрк тилдүү калктарда гана колдонулган.

Анда эмесе, усундардын теги, тарыхы туурасында тарыхчы Саламат Дүйшембиевдин пикирин угуп көрсөк:

- Усундардын келип чыгышы, этногенез тактала элек деп айтсак болот. Илимпоздордун арасында ар кандай көз караш бар. Усундар түрк тилдүү элдерге кирет деген, ошондой эле иран тилдүү элдерге жакын деген да көз караш бар. Анткени булардын археологиялык жактан табылган табылгалары ошондой пикир түзгөнгө негиз берет. Ошондуктан Кыргызстандын тарых илиминде көптөгөн бутташ тууралуу болгон археологдордун арасында. Алар мисалы фактор менен усундарды бутташтырып, бириктирип жиберген кезде кездешет.

Чындап эле кытай жазма булактарынын сүрөттөөсүнө ылайык усундар менен кыргыздардын сырткы кебете, кешпирлери бирдей болгон. Башында алар Чыгыш Түркстан аймагында коңшу жашашып, кийин кыргыздар Энесай аймагына жер которушса, ал эми усундар болсо азыркы Кыргызстандын аймагында жашап калышкан. Усундар Ысыккөлдүн түштүк-чыгыш аймагына Чигу аталган борбор шаарын түптөшүп, күчтүү мамлекет курууга жетишишкен.

Бирок алардын тышкы окшоштугуна карабастан усундарды кыргыз деп айтууга болбойт. Демек, алардын тегине байланышкан талаш бүгүн да тарых илиминде токтобостон улантып келет.
XS
SM
MD
LG