Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:22

МЫЙЗАМСЫЗ КИРЕШЕНИ АДАЛДООГО КЫРГЫЗСТАН КАРШЫБЫ?


Айданбек Ташкенбаев, Бишкек 9-декабрда Мыйзам чыгаруу жыйыны “Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдоого каршы күрөшүү жөнүндөгү” мыйзамды биринчи окууда кабыл алды. Бул мыйзамды кабыл алууну эл аралык каржы уюмдары жана бир катар ири мамлекеттер сунуштаган.

Каралып жаткан мыйзам тууралуу Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов маалымат берди:

- Бул мыйзам мындай талаптарды коет. Финансы-кредиттик мекемелердин кардарларынын ким экендигине өзгөчө көңүл бурулат. Кардардын ким экендигин аныктабай туруп банктар эсеп ачууга укуксуз болот жана ээсинин аты-жөнү аталбаган тоголок эсептерди ачууга жол берилбейт. Тийиштүү органдын банктык операциялар тууралуу толук маалымат алуусуна жол берилет. Бул мыйзамды кабыл алуу биздин мамлекет үчүн керек. Ансыз арам акчаларды адалдоого чек койбогон “кара тизмедеги” өлкөлөрдүн катарына киришибиз мүмкүн.

Анын айтымында, бул мыйзамды аткаруу үчүн жаңы орган түзүү сунушталган. Бирок өкмөттө жана президенттик администрациядагы талкуудан кийин бул милдетти азыр иштеп т урган финансылык полицияга жүктөө чечими кабыл алынган.
Депутаттар мындай мыйзам өлкөгө керектигин белгилөө менен долбоордун чийки экендигин билдирип, сынга алды. Депутат Өмүрбек Текебаев бул мыйзамды кабыл алууда шашылуунун кереги жок деген оюн айтып, аны мындайча негиздеди:

- Мен ойлоймун бул Кыргызстандын экономикасына каршы болот. Америка, Израил мындай чара көрбөсө, Швейцария өзүнүн либералдык мыйзамы менен күрөшүп атса. Биздин Кыргызстан Борбордук Азиянын Швейцариясы болот деген саясатыбыз бар да.

Анын айтымында, Швейцарияга биз тоолорубуз менен эле эмес, финансы тармагындагы либералдык мыйзамдарыбыз менен окшошубуз керек. Эгерде бизге Кытай, Казакстан же Өзбекстандан ишкерлер келип, экономикабызга инвестиция салса, анын акчасынын кайдан тапкандыгын аныктап, өз мекенине кабар бере баштасак, анда бизге эч кандай ишкер келбейт, деп белгиледи Өмүрбек Текебаев.

Депутат Темир Сариев бул мыйзамды кабыл алууга түрткү берген Эл аралык каржы уюмдары, ири батыш мамлекеттери кош стантарттуулук саясат жүргүзүүдө деп айыптады. Анын пикиринде, ири батыш мамлекеттери Кыргызстан сыяктуу мамлекеттерге финансылык тартипти бекемдөөчү мыйзамдарды кабыл алууну сунуштап, бирок өздөрү ар кандай оффшордук зоналарды ачууда. Маселен Улуубританиянын өзүндө оффшордук зоналары бар. Мына ошол зоналарда арам акчаларды адалдоого шарт түзүлгөн, деп белгиледи Темир Сариев.

Депутаттар Кубатбек Байболов жана Алишер Сабиров долбоорду кескин сынга алып, аны бул бойдон кабыл алууга мүмкүн эместигин билдирди. Аларга каршы чыккан депутат Асел Мамбеталиева мындай пикирин ачыктады:

- Бул мыйзамда мамлекет көзөмөл жүргүзөт деп жазылган. Ошондуктан биз аны колдообуз керек. Эгерде колдобосок арам акчаларды адалдаган кишилерге жардам берген болобуз. Мыйзамда маанилүү саясий кызматтагы адамдарга байкоо салуу тууралуу берене бар. Мыйзамга ушул жерде каршы чыккандар дал ошол маанилүү саясий кызматтагы адамдар болуп жүрбөсүн?

Мына ушундай талаш-тартыштан кийин мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу сунушталып, ал сунуш добушка коюлду жана жактырылды. Эми Улуттук банк талкууда айтылган сунуштарды эске алуу менен долбоорду экинчи окууга алып келмекчи.
XS
SM
MD
LG