Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:50

ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНГА БАТТЫ


Кабыл Макешов, Бишкек 9-декабрда жакырчылыкты жоюу боюнча «Лига- Антикризис» коомдук бирикмеси Өлкөнүн, Чүй дубанынын жана Бишкек шаарынын социалдык-экономокалык абалы тууралуу жыйын өткөрдү.

«Лига-Антикризис» коомдук бирикмеси түзүлөнүнө 6-7 ай болгону менен өлкөдөгү жакырчылыкты жоюу боюнча мониторинг өткөрүп, жакырчылыктын деңгээлин аныкташкан. Өлкөгө баш калкалап келишкен 35 миңдей мигранттын тизмелери такталып, Тажикстандан келишкен айрым өкүлдөргө Кыргызстандык атуулдук паспорт алуусуна кол кабыш кылышты. Өлкөдөгү чет мамлекеттердин элчиликтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жакырчылыкты жоюу боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга ниет кылышууда. Баткен, Ош, Жалалабад, Ысыккөл облустарында «Лига-Антикризис» коомдук бирикмеси жыйындарын өткөрүп, облустар боюнча координаторлорун бекитип, Лиганын биринчи курултайына делегаттарды шайлаган. Чүй дубаны менен Бишкек шаардык 80 мүчөсү менен өткөрүлгөн жыйында учурдагы социалдык- экономикалык абал, жакырчылыктан чыгуунун стратегиялык жана тактикалык шарттары тууралуу талкуу болду.
«Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин максаттары тууралуу бирикменин жетекчиси Назарбек Нышанов мындай дейт:

- Чындыкты айтып коюш керек. «Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт» дешет эмеспи. Аскар Акаевге эл кыйналып, жакырчылык чегине жеткенин ачык айтуубуз керек. Биздин өлкөнүн абалы Украина менен Грузиядан да оор. Алар Европага жакын турушат, ошолордун колдоосун алып жатышат. Жалпы социалдык-экономикалык кыйынчылыктардан улам кыргызстандыктар чет өлкөлөргө жумуш издеп, кулдай жалданып жүрүшөт. Демократияга ээ болдук, деген менен терең кризиске баттык. Завод-фабрикалар токтоп, таланып жок болду. Өлкөнүн 80 пайыз атуулдары жакырчылыктан мүңкүрөп турат. Жакырчылыктын айынан үй бүлөөдө ажырашуу, чыр-чатактар көбөйдү. Чет өлкөлөрдөн келген гуманитардык жардамдар, гранттар элге жетпей, чиновниктердин кулкунуна кирип, жок болууда. Жумушсуздук көбөйдү. Өкмөт жакырчылыкты жоюу боюнча иштиктүү аракеттерди көрбөй жатат.

Жакырчылыкты жоюу ушул коомдук бирикменин милдети гана болбостон, өлкөнүн бардык жарандарынын аракетине байланыштуу экендигин Бишкектин «Акөргө» конушунун тургуну 80 жаштагы Ормотой Таштанбаев белгиледи.

«Эрайым» коомдук бирикмесинин төрайымы-Рахила Жусупова жакырчылыкты жоюу боюнча тажрыйбаларды алмашып туруунун зарылдыгын айтып мындай деди:

- Биз жакырчылыктан жана жумушсуздуктан чыгуунун бир жолдорун, ыкмаларын иштеп чыктык. Өз жардам топторун түздүк. Мунун жардамы менен жакырчылыктан чыкса болот экен. Тажрыйбаларды коомдук бирикмелер менен бөлүшүүгө даярбыз.

Чет өлкөлөрдөн келген гранттарды коомдук бирикмелер алышып, өз ишмердүүлүгүн ачык билдирбей жаткандыгын Өнүгүүнүн комплекстүү программасынын катчылыгынын башчысы Жетиген Бакиров айтып, мындай деди:

- «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин айткандарына мен кошула албайм. Жакырчылыкты жоюу боюнча өкмөт колдон келген аракеттерди көрүүдө. Айылдарды аралап көрсөңүздөр абал жылдан жылга жакшырып, жакырчылыктын деңгээли төмөндөп, элдин турмуш-тиричилиги жогорулап баратат. Биз ар жыл сайын анализ кылып турабыз. Чет өлкөлөрдөн келип жаткан гранттар калкка жетпей жатат деген пикирге да кошулбайм. Тескерисинче, коомдук бирикмелер чет өлкөлөрдөн алышкан грант, жардамдарды ачык, так айтышпай жатышат. Бизден ачыктыкты талап кылышканы менен өздөрү жаап-жашырып, гранттарды элге жеткирбей жатышат.

12 миңдей мүчөсү бар «Лига-Антикризис» коомдук бирикмеси жаңы жылга чейин Нарын жана Талас облустарында жыйын өткөрүп, бирикменин биринчи курултайын жаңы жылдан кийин өткөрүүнү максат кылышууда.
XS
SM
MD
LG