Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:23

10-декабрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Өлкөдөгү гидрометеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, декабрдын онунда Кыргызстанда кар жаашы күтүлбөйт.


Республика боюнча абанын температурасы:
ТАЛАС өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз +7…+12 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД жана ЧҮЙ облустарында түнкүсүн –3 градус сууктан +2 градуска жылуу, күндүз +8ден +13 градуска чейин жылыйт.
Ал эми ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –2…-7 градус суук, күндүз +4…+9 градус жылуу.
Нарын аймагында түнкүсүн –8 градустан -13 градуска чейин суук болот. Күндүз 0…+5 градус жылуу.
Борборубуз БИШКЕКТЕ түнкүсүн 0…-2 градус суук, күндүз күн ачык болуп, абанын жылуулугу +11…+13 градус түзөт.
Алина Кангелдиева


Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева менен Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

Редактору Султан РАЕВ.

XS
SM
MD
LG