Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Коррупция жоюла элек, бирок ага каршы күрөшү Күнү белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнү белгиленди. Ага негиз берген жардыкка президент Аскар Акаев 7-декабрда кол койгон. Бул датага байланыштуу бүгүн «Хаят» мейманканасында «Тегерек стол» жыйыны өттү, ага бардык малекеттик бийлик бутактарынын, тартип коргоо органдарынын жетекчилери, эл аралык, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анда быйылкы акыйкат башкаруу жылында коррупция менен күрөшүү багытында жасалган иштер талкууга алынып, алдыдагы милдеттер такталды. Жыйында сөз сүйлөгөндөр быйыл коррупцияга каршы күрөш ырааттуу жүргүзүлдү деп баалашты.Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболов «Азаттык» радиосуна коррупциянын башында тургандар эмес, төмөнкү жана орто деңгээлдеги кызматтагы эле адамдардын жоопко тартылып жаткандыгы күрөштүн али жетишсиз экендигинен кабар берет деп билдирди. Анын пикири боюнча, коррупцияга каршы чындап күрөшүү үчүн адегенде укук коргоо органдарын реформалап, ал жердеги коррупционерлерден арылуу жана күрөштүн экономикалык механизмдерин ишке киргизүү зарыл.

XS
SM
MD
LG