Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Парламенттик шайлоого старт берилди


Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңешке шайлоону 2005-жылдын 27-февралында өткөрүү жөнүндөгү жардыкка кол койду.

Президент Аскар Акаев Улуттук телевидение аркылуу жалпы өлкө элине кайрылуу менен чыгып сүйлөдү. Элге карта Кайрылуусунда президент алдыдагы шайлоонун чоң саясий маанисине токтолуу менен анын таза, адилет өткөрүүгө чакырып, элдин эң мыкты уул-кыздарын элдик Жогорку бийликке шайланарын, эл өз добушун чыныгы таттыктуу инсандарга берерине ишенгендигин билдирди.Парламенттик шайлоо ушул жылдын 10-октябрында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун экинчи баскычы экендигин, андан кийин президенттик шайлоо эмдиги жылдын 30-октябрында болорун билдирип, шайлоону мыйзам чегинде таза,калыс өткөрүүгө элди чакырды. Ошондой эле бардык шайлоо комиссияларын шайлоочулардын тизмесин так түзүп, саясий ыплас технологиялардан алыс болуусун талап кылды. Президент шайлоо кампаниясында массалык маалымат каражаттарына да чоң роль таандык экендигин баса белгилөө менен шайлоо процессин так чагылдырууга чакырып, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту так сактоо укук коргоо органдарынын эң ыйык бурчу экендигин баса белгиледи.Ошентип, Кыргызстанда эң маанилүү саясий кампанияга старт берилди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG