Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:37

БРИТАНИЯДАГЫ ЕВРОСКЕПТИКТЕР САНЫ АРБЫН


Нарын АЙЫП, Прага Европа Биримдигине быйыл май айында он жаңы мамлекеттер мүчө болуп кошулгандан кийин, ал 25 өлкөдөн турган дүйнөдөгү эң таасирлүү уюмдардын бирине айланды, анын ичиндеги чек аралар акырындап жок болууда жана бирдиктүү акча дагы киргизилди. Анткен менен уюм ичинде пикир келишпестиктер да арбын жана кээ бир саясатчылар анын негизги идеясына да каршы.

1957-жылы биринчи келишимин түзүп, 47 жылдын ичинде бирдиктүү акча киргизип, бирдиктүү конституция кабыл алган Европа Биримдиги азыр дүйнөдө бардык мамлекеттер аралык биригүү жараяндарына үлгү болгону менен, анын өзүнүн ичинде бир топ күчтүү карама-каршылыктар бар. Андай "евроскептиктер" Улуу Британияда күчтүү жана бул өлкө өз аймагына евро акчасын дагы эмгиче киргизе элек.

Жакында Британияда элдик сурамжылоо өткөрүлдү жана анын жыйынтыктарына караганда, суралгандардын 58 пайызы - Европа Биримдигин түзүү боюнча келишимдер кайра каралып чыгууга тийиш деп билдирди. Он сегизден 24 жашка чейинки жаштар арасындагы бул көрсөткүч андан да жогору - 68 пайыз. Өлкөдөгү саясат негизги эки саясий партия - Жумушчу жана Консерваторлор партияларынын колунда, бирок Эгемендүү партия деген уюмдун таасири дагы өлкөдө күчтүү, анын мүчөлөрү болсо европалык биригүү жараяндарына өтө каршы. Жакында Европарламентке болуп өткөн шайлоодо бул партия 12 орун утуп алды.

Партиянын басма сөз катчысы Квентин Виллиамсондун айтымында, Брюсселдин саясатына нааразы болгондордун саны күн өткөн сайын өсүүдө: "Эл арасындагы нааразылык улам күчөп баратат жана биздин партияга кошулган жаңы мүчөлөрдүн саны акыркы бир жарым жылдын ичинде абдан көбөйдү. Европа Биримдигинен Британия сыртта турганы жакшы экенине биз элди ишендире алдык".

Британ парламентинин өйдөкү палатасынын депутаты Малколм Пирсондун пикиринде дагы, Европа Биримдиги азыр бүткүл европалык элдердин мүдөөсүнө жооп бербей калды: "Европа долбоору бир кезде абдан керектүү нерсе болгон. Аны ойлоп чыгарган адамдар эң биринчи кезекте Европада мүмкүн боло турган согуштардын алдын алууну көздөгөн. Бирок азыр улуттук жетекчилик чечим кабыл алуу жараянынан четтеп калууда жана андан кеңири тынчсыздануу пайда болуп жатат. Ошондуктан бүткүл долбоор башынан тартып кайра каралып чыкканы жакшы. Европа - НАТО аркылуу байланышкан өз алдынча демократиялардын эркин кызматташуусу болуш керек. Ошондо гана чыныгы тынчтык менен жыргалчылык болот".

Пирсондун айтымында, Европа Биримдиги өнүккөн сайын ага кирген мамлекеттер өз эгемендүүлүгүнөн айрылууда: "Биздин соода менен өндүрүш, биздин социалдык жана эмгек саясатыбыз, айыл чарба менен экологиябыз - баары Брюсселден чечилип калды, улуттук парламенттердин эч укугу калган жок. Алар жөн гана Брюсселде кабыл алынган чечимдерге мөөр баскан уюмдарга айланды. Өкмөт өкүлдөрү Брюсселде жолугуп, бир нерсе жөнүндө макулдашса, улуттук парламенттер аны жактыргандан башка айласы жок абалга туш болду".

Андан тышкары британиялык жана кээ бир башка өлкөлөрдүн саясатчылары Брюсселдеги бюрокартия менен коррупцияга дагы өтө нааразы. Мисал үчүн жакында Еврокомиссиянын жаңы курамы бекитилди, ага Эстониянын атынан кирген Сиим Каллас бир кезде өз өлкөсүнүн банкында 10 миллион доллардын жоголгону үчүн күнөөлөнгөн. Комиссияда азыр унаа жана туризм үчүн жооп берген франциялык Жак Барро дагы мурда Францияда өз партиясынын акчасын ысыраптаган деп соттолгон. Ал эми мүчө-мамлекеттердин салык системаларын калыбында калтыруу үчүн күрөшкөн латвиялык саясатчы Ингрида Удре комиссияга шайланбай калды.
XS
SM
MD
LG