Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

УКРАИН ОППОЗИЦИЯСЫ: «ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ ГАНА ЖЕҢДИК!»


Жогорку Раданын шаршембиде конституциялык реформаны жүзөгө ашырган мыйзамдарды кабыл алышы Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасын кайрадан өткөрүүгө жол ачты. Айрым оппозициячыл саясатчылар оппозиция өтө эле көп жеңилдиктерге барып койду деп санашса, кай бирлери «жеңиштин жарымы колго тийди» деп шаттанышууда.

Оппозициячыл саясатчы, президенттикке талапкер Виктор Ющенконун миңдеген тарапкерлери 8-декабрдагы парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамдар топтомун кубаныч менен тосуп алышты. Конституциялык реформаны жүзөгө ашыруудан тышкары, Жогорку Рада Борбордук шайлоо комиссиясын жана башкы прокурор Геннадий Васильевди кызматтан алды.

Бул окуяларга шыктанган оппозициячыл саясатчы Микола Томенко бейшембиге караган түнү өз тарапкерлерине кайрылып, терең ыраазычылыгын билдирди:

- Биз бул салгылашууда жеңип чыктык. Бул үчүн бардыгыңыздарды куттуктайм. Сиздерге болуп көрбөгөндөй баатырдык көрсөткөнүңүздөр үчүн, жаныңыздарды курмандыкка чалууга даярдыгыңыздар үчүн, ар намыс, кайрат жана чынчылдык касиетиңиздер үчүн таазим этем. Анткени Украина үчүн күрөштө жеңиш ээси болгон тарап – дал ушул Сиздерсиздер!

Айтмакчы, конституциялык өзгөрүүлөргө бардык эле оппозициячыл саясатчылар макул деп айтуу кыйын. Маселен, эгерде Ющенко 26-декабрда шайлоонун кайрадан өткөрүлө турган экинчи айлампасында жеңчү болсо, кыйла чектелген президенттик ыйгарым укуктар анын коррупцияга каршы күрөшүнө жолтоо болушу ыктымал дегендер да жок эмес.

Алардын бири – Юлия Тимошенко айым – «бийликтерге өтө эле чоң жеңилдиктерге барып койдук» деп санайт.

Киевдеги көз каранды эмес иликтөө уюмунун – Мамлекеттүүлүк жана демократия институтунун жетекчиси Иван Лозовыйдын оюнча, оппозиция мынчалык олуттуу жеңилдиктерге барууга тийиш эмес болчу. Бирок, дейт ал, дал ушул жеңилдиктер азыркы президент Леонид Кучманын болочокто жазаланбай турганы тууралуу ишенимин күчөтүп, анын натыйжасында президенттик шайлоонун экинчи айлампасын кайрадан өткөрүү жараянынын мурдагыга караганда кыйла тынчыраак уюштурулушуна өбөлгө түзүлмөкчү.

- Экинчи жагынан алып карасак, парламентте президент Кучманын жардамы менен жетишилген конституцияга жана шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү чараларынын оң жагы да бар деп ойлойм. Бул – Кучманын атайын ишаарасы болду, эми ага шайлоодон кийин эч ким анын артынан куугунтук кылбайт ко деп ойлоого себеп табылды.

Демек, дейт Лозовый, алдыдагы президенттик шайлоо өнөктүгү алда канча азыраак тирешүүнүн шартында уюштурулмакчы.

Виктор Ющенко болсо ордо шаардагы Крещатик көчөсүндө жана аянттарда саясий иш-чараларды үзгүлтүксүз уюштуруп келген тарапкерлерине кайрылып, аларды «эми үй-үйлөрүңүздөргө таркап, жер-жерлерде шайлоо өнөктүгүн улантып, байкоочу катары шайлоого катышсаңыздар» деп чакырды.

Эки аптадан бери Киевдин Көзкаранды эместик майданында чатыр тигип, нааразылык чараларына катышып жаткан студенттердин бири - Наташа Дёнина. Ал Ющенконун тарапкерлери шайлоо бүтмөйүнчө көчөдө кала беришээрин айтат.

- Менимче, биз жарым-жартылай жеңишке ээ болдук ко дейм. Шайлоодон кийин гана толук жеңиш камсыз кылынат ко дейм. Биз жеңиш күнүнө чейин – декабрдын 26сына чейин аянтта кала бермекчибиз.

Крещатик көчөсүндө дагы эле жүздөгөн чатырлар тигилген бойдон турат.

Ал эми «Пора» («Учур») аттуу жаштар уюмунун жигердүү мүчөлөрү өкмөттүк имараттарды пикеттөөнү улантышаарын маалымдашты.

XS
SM
MD
LG