Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:09

АКШ чалгындоо кызматын реформалоону баштады


АКШнын Сенаты өлкөнүн чалгындоо кызматтарын реформалоо жөнүндө мыйзам кабыл алды. Жаңы мыйзам боюнча, Кошмо Штаттардын 15 чалгындоо кызматын бир директор жетектейт. Бу мыйзамга ылайык, чек ара жана аба каттамдарындагы коопсуздук чаралары, ошондой террорчу деп шектелген адамдарды акмалоо, телефон сүйлөшүүлөрүн угуу күчөтүлөт.
Мурда Өкүлдөр палатасы бекиткен мыйзамга эми президент Жорж Буш кол коюш керек.
Буштун айтышынча, 2001-жылдын 11-сентябрда АКШ шаарларында болгон теракт чабуулдары өлкө коопсуздугун камсыздоо үчүн тийиштүү ызматтарды реформалоону талап кылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG