Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Д.Рамсфельд Нью-Делиге эмне максат менен келди?


АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд Нью-Делиде Индиялык коллегасы Пранаб Махержи жана премьер-министр Манмохан Сингх менен кездешти.
Жолугушуудан бир аз илгери Индия өкмөтү Вашингтондун Пакистанга чалгынчы учактарды, антитанкалык жана башка куралдарды сатуу чечимине тынчсыздануусун билдирген.
Индиянын тышкы иштер министри Натуар Синх шаршемби күнү парламентте сүйлөп, Вашингтондун чечими Индия-Пакистан арасындагы диалогго, ошондой эле Индия-АКШ мамилелерине зыян келтириши мүмкүн экенин эскерткен.
Талаштуу Кашмир штаты боюнча Индия-Пакистан ортосундагы диалог жакында эле башталган.

XS
SM
MD
LG