Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:40

Украин оппозициясы министрликтерди камоону токтотту


Украин оппозициясынын лидери Виктор Ющенконун тарапкерлери өлкө борбору Киевдеги айрым өкмөттүк мекемелерди камоого алууну токтотушту.
Курчоодон улам кээ бир министрликтер эки жумадан ашык убакыттан бери иштебей турган.

Ющенко кабарчылар менен бүгүн болгон кездешүүдө, 21-ноябрдан бери токтобой улантылган акция чыр-чатаксыз бүткөнүнө сүйүнүчтө экенин айтты:

- Бул биз мерчемдеп уюштурган өтө мыкты иш чара болду. Акция учурунда бир тамчы да каны төгүлбөгөнүнө же миллиондогон адамдардын зээнин кейитчү бир да окуя болбогонуна мен аябай кубанычтамын. Баары өтө кылдат, абдан сонун өттү.

Ющенко Киевдин Эркиндик аянтында оппозиция тиккен чатырлардын айрымдары 26-декабрда болчу президенттик шайлоого чейин кала берерин да билдирди.
Шайлоого Ющенкого катар мыйзамсыз деп табылган 31-ноябрдагы шайлоонун жеңүүчүсү,премьер-министр Янукович да катышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG