Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

ШАЙЛООЛОР АДИЛЕТ ӨТӨӨРҮНӨ ИШЕНИМ АЗ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Президент Аскар Акаев парламенттик шайлоону 2005-жылдын 27-февралында өткөрүү тууралуу жардыкка кечээ кол койду. Ошондой эле ал шайлоону кандай өткөрүү тууралуу кыргыз телерадиокомпаниясы аркылуу элге кайрылуу жолдоду. Президент өз кайрылуусунда парламенттик президенттик шайлоолорду мыйзам чегинде, эл аралык талаптарга ылайык өткөрүүгө убада берди. Айрым саясатчылар мамлекет башчысынын мындай убадасына ишенишпейт

Мамлекет башчы Аскар Акаев парламенттик шайлоону качан өткөрүү тууралуу жардыкка кол койду. Борбордук шайлоо комиссиясынын календардык планына ылайык президенттин мындай жардыгынан он күндөн кийин парламенттик шайлоого талапкерлерди каттоо башталат. Мындай иш чара 21-декабрдан 18-январга чейин созулат. Ал эми талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы 2-февралдан 26-февралга чейин улантылат.
Ошентип мамлекет башчы Аскар Акаев өзүнүн мындай жардыгы менен келээрки жылы Кыргызстанда болуучу саясий маанилүү окуяларга расмий түрдө старт бергендигин жалпы элге ачык жарыялады:

-Кымбаттуу мекендештер! Президенттин мындай жардыкка кол коюшу- шайлоо өнөктүгүнө старт берүү дегенди түшүндүрөт. -деген мамлекет башчы Конституциянын гаранты катары келээрки парламенттик, президенттик шайлоолорду адилеттүү, эл аралык талаптарга ылайык өткөрүүгө убада берди. Ошондой эле Акаев өз кайрылуусунда саясий партия жана массалык маалымат каражат өкүлдөрүн шайлоо компаниясы учурунда атаандаш талапкерлерди негизсиз каралабоого чакырды.
Мамлекет башчынын мындай кайрылуусу коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Айрым саясатчылар чындыгында эле келээрки шайлоолор мыйзам чегинде өтөт дешсе, айрымдары мамлекет башчынын убадасына ишенишпейт:

Аскар Акаев мындай сөзүн он үч жылдан бери айтып келүүдө. Тилекке каршы, мамлекет башчынын сөзү менен иши айкалышпай келет. Иш жүзүндө буга чейинки шайлоолор деле одоно мыйзам бузуулар менен өткөн. Аны чет өлкөлүк кадыр барктуу уюмдар деле ачык айтышкан. Мындан сырткары эмне учурда жер-жерлерде аким, губернаторлор кой, жылкы союп шайлоочуларга бекер таратып жатканын президент билбейт дейсиңерби? Анын баары мамлекет башчынын жетекчилиги астында жүрүүдө.-дейт «Асаба» партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров. Ал эми Эл өкүлдөр жыйынын депутаты Исках Масалиев мамлекет башчынын кайрылуусу боюнча төмөндөгүдөй оюн ортого салды:

Мамлекет башчы ушундай сөздөрдү айтууга милдеттүү. Чындыгында шайлоо учурунда мыйзам бузуу бийлик өкүлдөрү тарабынан бузулат. Учурда өкмөттүк «Алга-Кыргызстан» жана башка партиялар элге бекер жардам берүү акциясын өткөрүп жүрүшөт. Бул да мыйзам бузууга жатат. Эмне үчүн президент ушундай көрүнүштөргө бөгөт койбойт.-деди Эл өкүлдөр жыйынын депутаты Исках Масалиев. Оппозиция өкүлдөрүнүн жогорудагыдай пикирине аткаруу бийлик өкүлдөрү жана өкмөтчүл маанайдагы депутаттар макул эмес:

Шайлоо адилеттүү өтөт. Анткени он жылдан бери эл да ага даяр болуп калды. Шайлоо комиссиялары, бийлик өкүлдөрү мамлекет башчынын жетекчилигинде ар кандай мыйзам бузууларга жол бербейт деп ойлойм.-деген Махмуд Күчүков келээрки шайлоолордо мыйзам бузуулар орун алат деген оппозиция өкүлдөрүн сындай кетти:

Оппозиция өкүлдөрүнүн алдын ала эле «келээрки шайлоолордо мыйзам бузуулар орун алат» дегендери таптакыр туура эмес. Бүгүнкү күнү айрым оппозиция өкүлдөрү «эгерде мен өтпөй калсам аткаруу бийлиги күнөөлү, элди көтөрөм» деп алдын ала коркутушу туура эмес.
ушундай пикирин билдирди Махмуд Күчүков.

XS
SM
MD
LG