Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:44

11-декабрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча бүгүн 11-декабрда күндүз Ысыккөл, Нарын облустарында жамгыр жаайбайт, ал эми республиканын калган аймактарында жаан-чачындын болушу күтүлөт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС облусунда түнкүсүн –2 градус сууктан +3 градуска жылуу, күндүз +5...+10 градус жылуу.
ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД, ЧҮЙ аймактарында абанын түнкү температурасы 0…+5 градуска жылуу болот. Күндүз +6…+11 градус.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –1ден …-6 градуска суук, күндүз +2…+7 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫН өрөөнүндө түнкүсүн –7…-12 градус суук, күндүз 0…+5 градус жылуу.
БИШКЕКТЕ мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.
Алина Кангелдиева


Жаңылыктар топтомун Азиза Турдуева, Айданбек Ташкенбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды

Редактор Султан Раев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG