Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы чек ара чатагын иликтөөдө


ЖАЛАЛАБАД. Бөлүмдүн маалыматы боюнча 2-декабрда Ноокен районундагы кыргыз-өзбек чек арасында эжеси менен кыргыз аймагына өтмөк болгон өзбекстандык Акбар Рустам өздүк документин талап кылган кыргыз чек арачыларына баш бербей, жаман сөздөр менен тилдеп, андан кийин өз айылынан 50-60 адамды эрчитип келген. Коңшу өлкөнүн жарандары чек ара посттун ташбараңга алышып, күзөткананын айнектери талкаланган. Таш соккуларынан улам Сакалды чек ара бекетинин сержанты Усубалиев, Анарбеков, Маматов, Халиков аттуу жоокерлери денелеринен жарат алган. Чек арачылардын эскертүү иретинде асманга атылган огунан улам өзбекстандыктар тарап кетүүгө аргасыз болгон. 3-декабрда Ноокен жана Өзбекстандын Пахтабад райондорунун кошуна эли менен ички иштер, улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери катышкан жыйын чек ара жаңжалын болтурбоо чечимине келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG