Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Бюджет долбоору сессияда каралат


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет жана финансы комитетинде 2005-жылкы бюджет долбоору талкууланып, аны 14-декабрда башталчу сессиясынын күн тартибине киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бюджетти биринчи окууда кабыл алууда депутаттардын сунушу боюнча анын чыгаша бөлүгү 649 миллион сомго көбөйтүлүп, жалпысынан 16 миллиард 813 миллион сом, ал эми кирешеси 416 миллион сомго көбөйтүлүп, 16 миллиард 87 миллион сом деп белгиленген. Бюджетти экинчи окууга даярдоо боюнча талкууга каржы министри, Улуттук банктын башчысы катышты. Депутаттар келерки жылкы бюджетти сапаттуу түзүү боюнча эле эмес, жалпы өлкөдөгү финансылык тартип бузуулар, коррупциялык иштер боюнча каржы министрине суроолорду берди. Бул маселелердин баары сессияда каралмакчы.

XS
SM
MD
LG