Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

БШК округдарды дүйшөмбүдө бекитиши ыктымал


БИШКЕК. 13-декабрда Борборшайлоокомдун жыйыны болот. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча 75 бир мандаттуу шайлоо округдарынын схемасын бекитүү, талапкерлердин үгүт ишин жүргүзүү максатында эфирге чыгуусу, чет жактарда жүргөн атуулдардын добуш берүүсүн уюштуруу сыяктуу маселелер каралат. Бул тууралуу Борборшайлоокомдун маалымат кызматынан кабарлашты. Ал эми 10-декабрда Борборшайлоокомдун мүчөлөрү, облустук жана шаардык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму тарабынан уюштурулган семинарга катышты. Анда 2005-жылдагы парламенттик шайлоонун жол-жобосу тууралуу маалымат берилди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG