Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Кытай 30 миллион юань бөлдү


БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүндө кыргыз өкмөтү менен кытай өкмөтүнүн ортосунда техникалык-экономикалык кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлду. Документке кыргыз тараптан премьер министр Николай Танаев, экинчи тараптан Кытай өлкөсүнүн Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Тан Цзясюан кол койду. Бул макулдашууга ылайык Кытай Кыргызстанга 30 миллион юань өлчөмүндө гранттык жардам берет. Ал жардамдын 10 миллион юаны товар түрүндө болмокчу. Жолугушууда Николай Танаев эки мамлекет Ош-Сарыташ-Эркечтам авто жолун, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда, энергетика, тоо кен өнөр жай тармагында кызматташууну өнүктүрүп жатканын белгиледи. Маалыматка караганда, 2003-жылы эки мамлекеттин соодасынын көлөмү 101 миллион доллардан ашкан.

XS
SM
MD
LG