Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:22

ВАНГАРИ МААТАЙИ НОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫН АЛДЫ


Бүгүн, жума күнү, Нобелдик Тынчтык сыйлыгы кениялык эколог Вангари Маатайи айымга ыйгарылды. Ал бул кадыр-барктуу сыйлыкка ээ болгон алгачкы африкалык айым болуп калды. Африканын чыгышындагы өлкөнүн – Кениянын айлана-чөйрөнү коргоо министринин орун басары кызматын аркалаган бул айым ондогон жылдар бою токойлору кыйылып, жаратылыш байлыгы бүлгүнгө учурап жаткан Африканын көйгөйлөрүн эл аралык деңгээлде козгоп, тийешелүү чараларды көрүүгө демилгечи болуп келген.

Жума күнү, декабрдын 10унда, Норвегиянын ордо шаары Ослодо Вангари Маатайи (Wangari Maathai) айымга Нобел Тынчтык сыйлыгынын алтын медалы салтанаттуу түрдө тапшырылды. Медалдан тышкары ага бир жарым миллион долларга тете акчалай сыйлык да ыйгарылды.

Сыйлыкты алып жатып, Вангари Маатайи айым дүйнө жүзүндөгү аялдарды коомдук турмушка жигердүү катышууга чакырды:

- Бул сыйлыкты мен, ага арзыган алгачкы африкалык айым катары, Кениянын жана Африканын жана, албетте, жалпы эле дүйнө жүзүнүн элинин атынан кабыл алам. Мен мында, өзгөчө, аялдар менен кыздарды көңүлдө тутуп жатам. Бул сыйлык аларды өз үнүн шаңдуу чыгарууга жана жетекчилик рол үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктү колуна алууга шыктантат ко деп үмүттөнөм.

64 жаштагы Маатаи айым Африка континентиндеги айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы талбаган мээнети, ошондой эле, демократиялык жараянга кошкон салымы үчүн бул жогорку сыйлыкка татыганы Нобел комитети тарабынан айрыкча белгиленди. Бул тууралуу Норвегиянын беш мүчөдөн турган Нобел комитетинин жетекчиси Оле Данболт Мйөйес (Ole Danbolt Mjoes) үстүбүздөгү жылы 8-октябрда мындай деп айткан:

- Бул айым Африкадагы ырааттуу өнүгүү, демократия жана тынчтык үчүн күрөшкөн бардык кишилерди шыктандырган өрнөк жана булак болуп келди.

Айтмакчы, Маатайи айымдын соңку учурдагы бир сөзү эл аралык басма сөздө кызуу талкуу жаратты. Жыйырма жылдан ашуун мезгилден бери Африка континентинин эсин эки кылган кылым оорусуна айланган СПИД, Маатайинин оюнча, лабораториялык тажрыйбанын кесепети болуусу ыктымал.

Анын сөзүн ого бетер чуулганга айлантып, айрым агенттиктер Маатайи айым «Батыш өлкөлөрү Африка калкынын санын азайтуу үчүн бул ооруну атайын пайда кылган деп түшүнөт» деп чыгышты. Вангари Маатайи болсо мындай мааниде сүйлөбөгөнүн билдирди.

Кениядагы "The East African Standard" гезитинин айлана-чөйрөнү коргоо тармагы боюнча кабарчысы Кончора Гурача (Konchora Guracha) «Азаттык» үчүн курган бүгүнкү (жума күнкү) маегинде Нобелдик Тынчтык сыйлыгынын жаңы ээси Маатайинин коомдук ишмердүүлүгүнө жогорку баасын берди.

Гурача мырза «СПИД айрым лабораториялык өксүктөн улам келип чыкты» деген түшүнүк кениялыктардын коомдук пикирине терс таасир тийгизе албайт деген ишенимде:

- ВИЧ жана СПИД тууралуу маалыматтар, ал түгүл бүгүнкү Кенияда да, арбын эле таркаган. СПИД – бүткүл дүйнөгө жайылып, жалпы адамзатты тынчсызданткан оору экендиги, ал кишилердин баарына – байына да, жакырына да, жашылдарга да, сарыларга да, кызылдарга да кесепетин тийгизип жатканы бул маалыматтардан дурус айкын болууда. Менимче, СПИД кара түстүү калктын санын кыскартуу үчүн кайсы бир батыштык лабораторияда иштелип чыкты деген түшүнүк коомдук пикирди өзгөртө албайт. Мен андай деп ойлобойм.

Кесиби боюнча биолог Маатаи айым 1977-жылы «Жашыл курчоо» (the Green Belt Movement) деген экологиялык кыймылды негиздеген. Африкада адамдын иш-аракетинен улам ойрон болгон токойлуу аймактардагы жаратылыштын тең салмактуулугун калыбына келтирүү үчүн Маатаи айым 30 миллиондой дарактын көчөтүн тиктирген кыймылга демилгечилерден болгон.

Вангари Маатаи Африканын чордонундагы жана чыгышындагы аялдардын ичинен алгачкы жолу доктордук илимий даражага ээ болгон айым катары да белгилүү.

Нобелдик Тынчтык сыйлыгы туңгуч ирет 1901-жылы эки талапкерге – франциялык алгачкы тынчтык коомун негиздеген Фредерик Пасси менен Эл аралык Кызыл Чырым кайрымдуулук уюмун негиздеген швейцариялык саясатчы Жан Генри Дунанга ыйгарылган болчу.

Бул сыйлыкка татыган даңазалуу инсандардын арасында орус укук коргоочусу, академик Андрей Сахаров, албан диниятчысы Тереза Эне, түштүк африкалык Нелсон Мандела, Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан жана башкалар бар.

Бүгүн шведдердин ордо шаары Стокголмдо медицина, физика, химия, адабият жана экономика тармагындагы Нобел сыйлыктарынын быйылкы ээлерине да өз сыйлыктары салтанаттуу түрдө тапшырылды.

XS
SM
MD
LG