Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Экс-элчилер Конституциялык сотко кайра арыз жолдошту


БИШКЕК. Конституциялык соттун судьясы Качыке Эсенканов мурдагы үч элчи Медеткан Шеримкулов, Үсөн Сыдыков жана Мамбетжунус Абыловдун Конституциялык сотко жолдогон арызына бүгүн жооп берди. Жоопто элчилердин укуктарын бузуу фактысы орун албагандыктан, алардын арызын кароого негиз жок экендигин билдирген. Элчилердин Конституциялык сотко арыз менен кайрылуусуна Борборшайлоокомдун төрагасы Сулайман Иманбаевдин Кыргызстанда акыркы беш жылда жашабаган атуулдар, анын ичинде элчилер парламенттик шайлоого катыша албайт, деген билдирүүсү себеп болгон. Конституциялык соттун судьясы өзүнүн жообунда С. Иманбаевдин билдирүүсү арызды сот өндүрүшүнө алууга негиз бербейт, деген бүтүм чыгарган. Бирок экс элчилер мындай жоопко канааттанбай Конституциялык сотко кайрадан арыз жолдошту. Эми соттун иш тартибине ылайык элчилердин арызын Конституциялык сот бардык судьялардын катышуусу менен караш керек, деп билдирди Мамбетжунус Абылов.

XS
SM
MD
LG