Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:03

Депутаттар шайлоо даярдыгына нааразы


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны парламенттик шайлоого даярдык көрүү маселесин талкуулады. Бирок депутаттарга бул маселе боюнча маалымат берүүгө чакырылган Борборшайлоокомдун төрагасы Сулайман Иманбаев келген жок. Анын ордуна депутаттардын сөзүн Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов, өкмөттүн апппарат башчысы Бекболот Талгарбеков укту. Жарыш сөздө депутаттар шайлоо алдындагы мыйзам бузуулар, шайлоочуларды сатып алуу фактылары тууралуу маалымат берип, алар боюнча тартип коргоо органдары, аткаруу бийлиги чара көрбөгөнүн билдиришти. Депутат Кубатбек Байболов 10-октябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтө көп мыйзам бузуулар менен өткөнүн, сот бийлигинин акыйкат иштей албай жатканын жана мындай көрүнүш парламентик шайлоодо кайталанбаш үчүн байкоочулар институтун бекемдөө керек деген сунушун айтты. Депутаттар 10-декабрдагы талкуунун жыйынтыгында кайрылуу кабыл алууну дүйшөмбү күнгө калтырышты. Алар ошондой эле Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан дайындалган Борборшайлоокомдун төрт мүчөсүн чакырып алуу маселесин да дүйшөмбү күнү добушка коюуну караштырууда.

XS
SM
MD
LG