Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:00

АКЫЙКАТЧЫ ИНСТИТУТУ ТҮЗҮЛГӨНҮНӨ КАРАБАЙ АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ ДАЛЕ ООР


Кыргызстандагы адам укугунун канчалык деңгээлде корголуп жаткандыгы тууралуу сөз болгондо айрым эксперттер бул жаатта үстүбүздөгү жылы жылыштар болгондугун айтышат…

Буга мисал катары шайлоо кодексине добуш берүү учурунда шайлоочулардын бармагына белги коюу системасынын киргизилиши, атуулдук уюмдар тарабынан Конституциянын 5-беренесине өзгөртүү киргизүүгө, башкача айтканда, жарандардын тынч чогулуу, пикет-митингдерди, демонстрацияларды аткаруу бийлигинен уруксатсыз эле өткөрүү укугуна жетишкендиги жана башка иштер айтылып келет. Буга байланыштуу 10-декабрда Кыргызстандагы Акыйкатчы институтунун эки жылдыгына арналып өткөрүлгөн жыйында да белгиленди. Шайлоолорду демократиялык түрдө, акыйкат өткөрүүгө кошкон салымы үчүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг Акыйкатчынын атайын сыйлыгы менен сыйланды. АКШ элчиси өз сөзүндө:

-Адам укугу көбүнчө саясий системасы жабык өлкөлөрдө бузулат. Акыйкатчы институтунун түзүлүшү, эркин маалымат каражаттарынын көп болушу жана атуулдук коомдун активдүүлүгү адам укугунун сакталышына алып келет жана бул өлкөдө адам укугун урматтоо бар экендигине ишеним берет. Адам укугу бузулуп келген жана бузулуп жатат. Ошого карабай АКШ адам укугун коргоого өз салымын кошо бермекчи. Ар кайсы өлкөлөрдөгү адам укуктарынын бузулушу тууралуу биздин жыл сайын окулуучу докладдарыбыз укук коргоочу уюмдарга да, бийликке да негизги таяныч болууда. Биз адам укугунун коргоодогу айрым бут тосуучу көйгөйлөр тууралуу сөз кылганда эки жакка бирдей кароого аракет жасайбыз. Ошондой эле докладдар ийгиликтерге жетишүүнүн жолдорун да баса белгилейт.

Стивен Янгдын пикирине караганда Кыргызстанда адам укугун коргоо иши Акыйкатчы институтунун түзүлүшү менен аз да болсо жөнгө салынууда.

Мамлекеттик сот департаментинин төрагасы Марат Бакиевдин ою мындай:

-Бардык иштин оордугу анын башталышында болот. Мындан тышкары мыйзамда да бир топ кемчиликтер бар. Бирок ошого карабастан Турсунбай Бакир уулу жана анын кызматкерлери адам укугун коргоого бир топ салымдарын кошту. Алардын бардык кыймыл-аракеттери адам укугун коргоого багытталууда.

Айрым изилдөөчүлөр бүгүнкү күндө Акыйкатчынын ишмердүүлүгү чектелүү, ошондуктан Кыргызстанда адам укугу сакталбай жатат деген пикирлерин кыйытып келишет. Турсунбай Бакир уулунун айтымында айрым аткаминерлер Акыйкатчынын Конституциялык милдетин аткарышына бут тосушууда:

-Биздин ишмердүүлүк жөнүндө Конституцияда, мыйзамдарда да атайын жазылып турса да, көбүнчө аткаминерлер биздин ишибизге тоскоолдук кылууга аракет кылып атышат. Менин оюмча алар муну атайын жасап жатышат. Анткени алардын бизден, коомчулуктан жашыра турган нерселери көп. Алар Акыйкатчынын ишине тоскоолдук кылганы мага эмес, өзүнүн элине, мекендешине, тууганына же коңшусуна тоскоолдук кылганы.

Бирок коомчулукта Акыйкатчы институту ачылгандан кийин деле адам укугун коргоо жөнгө салынган жок деген пикирлер да жок эмес. «Демократия жана жарандык коом үчун» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсаловдун пикири:

-Биздин Акыйкатчы институту түзүлгөндөн бери адам укугунун корголушу жакшырып кетти, бул жаатта кандайдыр бир өзгөрүүлөр болду деп айтууга болбойт. Адам укугун учурдагы Акыйкатчы институту коргоп жаткан деңгээлде мурдагы укук коргоо органдары, прокуратура деле коргоп келген. Биз Акыйкатчыдан көптү күткөн элек, бирок иш жүзүндө андай болбой калды.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG