Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

ПУТИНДИН КЕҢЕШЧИСИ МОСКВАНЫН ЧЕЧЕНСТАНДАГЫ САЯСАТЫН АКТООДО


Нарын АЙЫП, Прага Мындан он жыл мурда, 1994-жылдын 10-декабрында Москва аскерлери Чеченстанга каршы биринчи согуш баштаган. Бул кайгылуу маараке учурунда президент Путиндин Кавказ саясаты боюнча кеңешчиси Асламбек Аслаханов АКШда жүрөт, 9-декабрда Бириккен Улуттардын Нью-Йорктогу баш кеңсесинде журналисттер менен жолугуп, Москванын Кавказдагы саясаты жана Орусия менен Батыш ортосундагы акыркы кезде пайда болгон пикир келишпестиктер тууралуу сүйлөдү.

Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Асламбек Аслаханов өзү чечен жана милиция генералы. 9-декабрда Нью-Йоркто ал Бириккен Улуттардын жаңы түзүлгөн антитеррордук комитетинин төрагасы Хавье Руперез менен жолугуп, террорчулукка каршы күрөшүү маселелерин талкуулады.

Акыркы мезгилде Москва менен Батыш өлкөлөрү ортосундагы мамилелерде чыңалуу пайда болду жана аны кээ бир сясатчылыр жаңы «кансыз согуш» деп да атап жиберди. Бирок Нью-Йоркто журналисттер менен жолукканда, Аслаханов - бул маселелер жакын арада чечилет деп, мамилелер кайрадан калыбына келээрине ишенгенин билдирди.

Батыш менен Орусия ортосундагы карама-каршылык Украинадагы президенттик шайлоо менен байланыштуу абдан курчуду. Президенттик үчүн күрөшкөн премьер-министр Виктор Януковичтин шайлоо өнөктүгүнө москвалык бир топ кеңешчи катышты, президент Владимир Путин өзү шайлоо алдында үч аптанын ичинде Украинага эки жолу келип, Януковичке колдоо көрсөттү. Ошол эле мезгилде добуш берүүгө көзөмөл салып, анын жыйынтыктарын текшерүүгө жардам берген батыш уюмдарын Москва - Украинанын ички иштерине кийлигишип, элди козутууда деп күнөөлөдү.

6-7 декабрда София шаарында өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун бийик жолугушуусунда Москва менен Батыш ортосундагы карама-каршылык дагы жаңы деңгээлге көтөрүлдү . Украинадагы абал боюнча биргелешкен документ кабыл алынбай калды. Орусиянын тышкы иштер министри уюмдун өзүн реформалоо керек деп чыкты.ЕККУ кош стандарттуу саясат жүргүзүүдө деген күнөө коюп, эгер уюм өз саясатын өзгөртпөсө, Москва анын бюджетине салым кошуу маселесин караштырат деп коркутту. Ошол эле учурда Москва уюмдун Стамбулдагы бийик жолугушуусунда 1999-жылы кабыл алынган чечимди аткарып, өзүнүн Грузия менен Молдовадагы аскерий базаларын чыгарып кеттүүдөн баш тартууда.

Москва тарабынан коюлуп жаткан дагы бир күнөө - Чечен маселеси боюнча дагы Батыш өлкөлөрү кош-стандарт саясат пайдаланып, Орусиянын ички иштерине кийлигишүүдө. Кремлдин пикиринде, дүйнөнүн башка мамлекеттериндеги ошондой эле аракеттер террорчулукка каршы адилетүү күрөш деп бааланат.

Асламбек Аслахановдун айтымында, Чеченстандагы согушкерлер сырттан жардам алып, чет өлкөлүк кожоюндардын айтканын аткарууда. Кээде алар жаш балдарды алдап өлүмгө түртөт: "Жанкечтилик террор аракетине барып, бирок тирүү калган жаш балдарды биз кийин сураганда, алар баарын айтып берди. Эмирлер аларга - канчалык көп адам өлтүрсө, алар ошончолук ылдам бейишке жетет деп ишендирген экен. Башкача айтканда, террорчулар жаштарды жөн гана алдаган".

Аны менен катар Аслаханов Москва саясатынын кээ бир жактарын сынга да алат. Анын пикиринде, орус аскерлеринин кээ бир аракеттери өтө эле катуу болгон, ошол эле мезгилде, экстремисттик исламдын жайылышына каршы Москва учурунда жетиштүү аракет көргөн эмес: "Аны түшүндүрүүгө, ага каршы аракеттенүүгө, же анын алдын алууга эч чара көрүлгөн эмес. Ошондуктан радикалдык ислам ушунчалык жайылып кетти. Дал ошол себетен Орусия менен Түндүк Кавказда көптөгөн террор аракеттеринин ишке ашырылышына жол ачылды".

10-декабрда Аслаханов Вашингтон шаарында кээ бир америкалык жетекчилер менен да кездешет.

XS
SM
MD
LG