Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

ЧЕЧЕН СОГУШУ. КМШны КОРКУТКАН 4 МАСЕЛЕ. АЧКА КАЛГАН КОСМОНАВТТАР


Муса Мураталиев, Москва “Новые Известия” (10.12.2004) баскан өтө көлөмдүү макалада Чеченстандагы согуш ьашталган күндүн он жылдыгы талдоого алынат. Макалада Чеченстанда кармашып аткандар согушту эмес, жеңишти утуп алуулары керек деген тыянак айтылган.

Ал жерде келтирилген маалыматтарда, 1994-жылы 26-ноябрда орусиялык тандалган аскерлердин колдоосу астында (Дудаевге – ММ) оппозициячыл күч Грозныйды алганы кирип, бирок дудаевчилер күчү тараптан талкаланат. Бирок арадан бир ай өтпөй жатып, б.а. 11-декабрда Орусия президенти Б.Ельцин кол койгон №2169 жардыктын негизинде өлкөнүн коргоо министрине баш ийген аскерлер менен өлкөнүн ички иштер министрлигине баш ийген аскерлери Чеченстанды курчап, жумурият ордо калаасын карай үч тараптан каптап киришкен. Кийин ошол күн чечен согушунун башталышы делип ырасмий эсептелип калган.

Чеченстанда жакында сурамжылоо жасап келген социолог Сергей Хайкиндин бүтүмү боюнча бул согушту ал кезде болтурбай коюуга толук мүмкүнчүлүк бар эле:

- Бүгүн (чечен-ММ) эли бул согушту ошончо эле тарыхый кырдаалдан улам керек болуп аткан, аны болтурбай коюу мүмкүн эмес эле деп эсептебейт.

1996-жылы 30-августа Хасавюрт келишими түзүлөт. Орус коопсуздук күчтөрү тарабынан чечен президенти Жохар Дудаев мерт кылынгандан кийин Чеченстанда парламенттик, анын артынан президенттик шайлоо өтөт. 1997-жылы Аслан Масхадов жумурият башчысы болуп шайланат.

Кол башчы Шамил Басаев менен араб тектүү колбашчы Хаттабдын Дагстанга кол салуусунан кийин, 1999-жылы 29-сентябрда федералдык күчтөр Грозныйга экинчи жолу чабуул жасайт. Ал салгылашуулар жыл аягына дейре уланып, акыры, Путин бийликке келгенден тартып чечен жикчилдерине каршы уруштун жаңы өнөктүгү (же Чеченстандык экинчи согуш) ачылат.

Гезит бул согушта курман болгондордун эсеби так эмес экенин белгилейт. Ушул жылдын ноябрь айында Чеченстан Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Таус Жабраилов журналисттерге мындай деп айткан:

- 1994-жылдан бери Чеченстан согушунан курман болгондордун саны 200 миңден ашты.


“Известия” Орусиянын "империя болуусу керекпи, же жокпу?" деген суроого жооп издейт. Советтер Биримдиги таркагандан бери 13 жыл өтсө да Москванын мурда советтик жумурияттар курамына кирген өлкөлөргө жасаган мамилеси мурдагы боюнча кала берүүдө. Кремлдин аларды тегерегине бириктирүү аракети КМШ мамлекеттерин үркүтчү болду, деп жазат гезит.

Ал "Москванын империялык дымагы туурабы, же натуурабы?" деп суроо коюп, өлкөнүн чыгаан кишилерине кайрылган. Анатолий Чубайс маселен:

- Орусия либералдык империя боло алат жана болууга тийиш, - деген жооп айткан.

Ал эми “Завтра” гезитинин баш редактору Александр Проханов болсо:

- Орусияны империялуулугунан ажыратканда андан эч нерсе калбайт, анда анын бучкактары менен гана шыйрактары калат, - деген.

Жакынга дейре Чеченстанда федералдык күчтү жетектеген генерал Геннадий Трошиндин ал согуш тууралуу айткан пикири:

- Согуш - чечен эли каалаганда гана басылат, - деди президенттин жардамчысы Трошин.


“Новое время” Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине кирген жааттын кимиси эмнеден корко тургандыгын талдоого алган макала басты. Николай Блинов жүргүзгөн ошол талдоодо, эки маселе алдынкы орунга чыккан. Алар: Ирактагы согуш жана эл аралык террорчулук.

Ал эми "сиздин болжолдо сиздин өлкөдө террорчулук коркунучу барбы?", - деген суроого “андай коркунуч өтө көп” деп, Орусия, Болгария жана Кыргызстандан сурамжылоого катышкандар жооп айтышкан.

Советтер Союзунун кыйрандысынан пайда болгон өлкөлөрдөн калктарынын жалпы тартып аткан кыйынчылыгы катары: жакырчылык, ишсиз олтуруп калуу жана инфляция эсептелээри ушул сурамжылоодо такталган. Төртүнчү оор маселеге айланган кыйынчылык - баңгичилик экени маалым болот жана ал жерде Кыргызстандан суроого жооп бергендердин 20 пайызы ал маселени абдан олуттуу деп көргөзүшкөн.


Эл аралык космостук бекетте космонавттар ачка калуу коркунучунда калганы туурасында “Правда” (08.12.2004) жазат. Ошондуктан ушул айдын этегинде учурулганы аткан “Прогресс” жүк ташуучу космос кемеси кандайдыр бир себептен улам учпай калса, анда (кыргызстандык) Салижан Шарипов менен (америкалык) Лерой Чиаону экспедициядан шашылыш Жерге кайтарууга туура келет, деп жазат гезит.

Космостук учуунун борбордук башкармалыгынан алынган маалыматка таянып, гезит кабарчысы космонавттар жей турган нан, эт, балык жана сүт азыгы январь айынын ортосуна дейре жеткидей экен деп жазат.

Ал эми мындай шарттын пайда болушу мурунку экипаж мүчөлөрү космосто тамакты каалаганынча жеп такоолду түгөтүп салгандан улам пайда болгон имиш. Ошол себептүү бул күндөрү Шарипов менен Чиао тамакты тартыш ичүүгө өтүшүптүр, деп жазат гезит.

Быйыл октябрда космос бекетине келген бул эки космонавт алты ай бою анда кызмат өтөмөк болчу.
XS
SM
MD
LG