Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Азык-түлүктүн азайышына байланыштуу космонавттар жерге кайтышы мүмкүн


Баян Жумакадыр кызы, Прага

МОСКВА. Россиянын космостук станциясында иштеп жаткан экипаж Салижан Шарипов менен Лерой Чиао азык-түлүк түгөнүп баратканына байланыштуу жерге кайтып келиши мүмкүн. Маалыматтар боюнча, эгерде жүк ташуучу космостук кеме станция менен 26-декабрге чейин жалгаша албай калса, мына ушундай чечим кабыл алынышы мүмкүн. Экипажга күнүмдүк азыктын рационун азайтууга буйрук берилди. Шарипов менен Чиао космостук станцияда октябрдын 16сынан бери иштеп жатат. Алардын станцияда 6 ай бою иштөөсү пландаштырылган.


Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG