Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Иракта аба кырсыгынан америкалык эки аскер курман болду


БАГДАД. Иракта аба кырсыгында америкалык эки солдат курман болуп, төртөө жарадар болгондугу маалымдалды. Бейшемби күн болгон кырсык жөнүндө башка эч нерсе айтылат. Ошону менен бирге бүгүн Американын Ирактагы соту америкалык солдат Жони Хорнду жараат алган ирактык жаранды өлтүргөн деп күнөөлүү тапты. Соттун чечими кийинчэрээк жарыяланат. Хорн жарадар болгон адамды жараат азабынан куткаруу үчүн атып салгам, деп актанды.
Анын аралыгында, Эл Аралык Кызыл Чырым уюму Фалужадагы ахвал тууралуу тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун айтымында, көчөлөрдү ыплас суулар каптап, жер төлөөлөрдөгү жүздөгөн өлүктөр дагы эле көмүлбөй жатат. Америкалык аскерлердин маалыматы боюнча, Фалужадагы салгылашууларда 1600дөн ашык көтөрүлүшчү курман болду.

XS
SM
MD
LG