Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Ариэль Шарон Шимон Перес менен коалиция түзгөнү жатат


ИЕРУСАЛИМ. Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон оппозициялык партиянын лидери Шимон Переске коалициялык өкмөттү түзүү сүйлөшүүлөрүн баштоону сунуш кылды. Перес бүгүн журналисттерге сүйлөшүүлөр ишенби күнү баштала турганын айтты.
- Мен Шаронду жеңишке жетишкени менен куттуктайм. Ал Жумушчу партияны улуттук жарашуу өкмөтүн түзүүгө чакырды. Бул жөнүндө сүйлөшүүлөр эртең башталат, - деди Перес.
Шарондун Ликуд партиясы өткөн жумада Шинуй партиясы коалициядан чыгып кеткен соң, азчылыкта калып, башка партиялар менен коалиция түзгөнгө аракеттенүүдө. Секуляристтик "Шинуй" партиясы 2005-жылдын бюджетинен улам келип чыккан пикир келишпестиктерге байланыштуу коалициядан чыгып кеткен. Шарон өзүнүн партиялаштарына эгерде коалиция түзүлбөй калса, өлкөдө эрте шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн экенин, андай болгондо израилдик аскерлер менен жөөт көчмөндөрүн Газа секторунан белгиленген мөөнөттө чыгарып кетүү мүмкүн болбой калат, деп эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG