Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Ющенко президент болсо оппоненттеринен өч албай турганын билдирди


КИЕВ. Украин оппозициясынын лидери, президенттике талапкер Виктор Ющенко алдыдагы шайлоодо жеңип чыкса, саясий оппоненттеринен өч албай турганын билдирди. Ющенко бул жөнүндө Киевде өткөн пресс-конференцияда кабарлады. Шаршемби күнү өлкөнүн парламенти шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизип, президенттин ыйгарымындагы укуктардын кыйласын парламентке өткөрүп берген. Анын аралыгында, Киев кадимки күнүмдүк жашоо нугуна кайтууда. Демонстранттар үйлөрүнө тарап, коомдук транспорт график боюнча каттап калды. Бирок президенттин кеңсесинин айланасында Ющенконун дагы бир нече жүз тарапкери кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG