МОСКВА. Россия Грузиядагы эки аскердик базасын терроризмге каршы күрөшүү боюнча машыктуруу базага айлантуу сунушун кайталады. Бул сунуштун майда чүйдөсү жөнүндө бүгүн Россиянын коргоо министри Сергей Иванов аскерилердин алдында сүйлөгөн сөзүндө кеп кылды. Иванов ошондой эле чет элдеги террорчуларга оозунуп сокку уруу укугун Россия сактап кала турганын кайталады.