Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Колин Пауэлл Еврошаркеттин лидерлери менен жолугушуу үчүн Гаагага келди


ГААГА. АКШнын мамкатчысы Колин Пауэл Еврошаркеттин лидерлери менен жолугушуу үчүн Гаагага келди. Еврошаркеттин учурдагы төрагасы Нидерландиянын өкүлүнүн айтымында, Колин Пауэл өлкөнүн тышкы иштер министри Бен Бот менен Ирак жана Жакынкы чыгыш маселелерин талкуулайт. Бейшемби күнү Брюсселде Пауэл НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушкан. Анда НАТОнун баш катчысы Яаап Де Хооп Ирактагы НАТО аскерлеринин саны азыркы 60тан 300дүн деңгээлине көбөйтүлө турганын айткан. Пауэл ал аскерлерге Германия, Франция, Бельгия, Греция жана Испания өз аскерлерин кошпогонуна ирээнжиди.

XS
SM
MD
LG