Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:09

КОЛИН ПАУЭЛЛДИН ЕВРОПАДАГЫ СОҢКУ САПАРЫ


Колин Пауэлл Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы кызматында Европада соңку сапарын аяктап жатат. Жума күнү ал Гаагада Евросоюздун ырасмий өкүлдөрү менен жолугуп, Ирак маселесин талкуулады. Андан бир күн мурда Брюсселде НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө да Ирак проблемасы козголду. Пауэлл европалыктарды мурдагы пикир келишпестиктерди унутуп, алакаларды кайра бекемдөөгө чакырууда. Байкоочулар мамлекеттик катчынын көздөгөн максаты толук орундалган жок дешет.

НАТОнун тышкы иштер министрлери менен жолугушуу эки ачакей натыйжа берди. Баарыдан мурда Колин Пауэлл европалыктарды Иракка арбын аскер жөнөткөнгө толук көндүрө алган жок. НАТОнун бир катар мүчөлөрү, өзгөчө Германия, Франция, Бельгия, Греция жана Испания баштагы позициясынан кайтыша элек. Буга америкалык катчы өкүттө калганын жашырбады. Ошентсе да ал Кошмо Штаттары менен Европанын ортосун салкындаткан маселелердин баары эмдиги жылы толук чечилерине, өзгөчө Париж менен Вашингтондун алакасы кайра жакшырарына ишенич билдирди. Мен билем, деп айтты Пауэлл, президент Буштун айрым чечимдерине, айрыкча Иракка байланыштуу кадамдарына Европада ишенкиребей карашкан. Бирок өткөндө эмне араздаштырбасын, анын ичинде Ирак проблемасы болобу, Пауэллдин айтымында,америкалыктар Европага кол сунуп,алар да кол сунарына ишенет.

Сапардын оң натыйжасы катары байкоочулар НАТО Ирактын 300 аскерин машыктырып-жатыктырып бергенге макул болгонун айтышууда. Мурда альянс өзүнүн базаларында Ирактан алтымыш гана аскери кадрды атайын даярдыктан өткөргөнгө сөз берген эле. Альянстын баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер эл аралык терроризмге каршы күрөш дүйнө коомчулугун бириктирген максат болуу керектигин белгиледи. Азыркы замандын коркунучтары менен проблемалары – терроризм,массалык апаат куралдардын жайылышы, чогоол режимдердин пайда болушу – мунун баары башкы маселе бойдон турат, баарыдан мурда дүйнө өлкөлөрүн ушул чалкеш проблемалар бириктирүүгө тийиш, деп билдирди альянстын баш катчысы.

Колин Пауэлл аптанын башында Болгарияда ОБСЕнин жыйынына катышып, аталган уюмдан Иракта 30-январда болгону жаткан парламенттик шайлоого көмөктөшүүнү өтүнгөн эле. Вашингтон бул саясий өнөктүк өз мөөнөтүндө өтүшү керек деп эсептейт. Ишти илгерилеткени, козголоңчулардын мизин майтарып, ирак калкы январдын этегиндеги шайлоого коопсуз шартта катышсын үчүн бардык чаралар көрүлүп жатат, деп белгиледи Пауэлл.

Гаагадан соң ал ишемби күнү Мороккого келет. Бул жерде мусулман дүйнөсүндө демократияны жана либералдык принциптерди өнүктүрүү маселелерин талкуулаган жыйын болот, ага 23 өлкөнүн өкүлдөрү катышканы жатат.
XS
SM
MD
LG