Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

ПАРЛАМЕНТ БОРБОР ШАЙЛООКОМГО НААРАЗЫ


Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы жана парламенттик шайлоого даярдыкты талкуулады. Бирок, бул отурумга Борбор шайлоокомдун төрагасы Сулайман Иманбаев келген жок. Муну төрага эл аралык семинарга катышып жаткандыгы менен негиздеди. Депутаттар мындай мамилени тоготпостук катары баалашып, парламент шайлаган Борбор шайлоокомдун төрт мүчөсүн кайра чакыртып алуу демилгесин көтөрдү.

Парламент отурумуна чакырылгандар тараптардан Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов, өкмөттүн аппарат башчысы Бекболот Талгарбеков, Башкы прокурордун орун басары Учкун Каримов катышты. Бирок, негизги баяндамачы катары чакырылган Борбор шайлооком төрагасы Сулайман Иманбаевдин Мыйзам чыгаруу жыйынына келбей калышы депутаттар арасында нааразылык жаратты. Парламент мүчөлөрү келерки парламенттик шайлоодо катачылыктарга жол бербөө үчүн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктарын орой-чарай талкуулоо зарылдыгы бар болчу деп эсептешти.

Буга чейин Борбор шайлоокомдун тыянагына караганда, 10-октябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо одоно мыйзам бузуулардан тышкары, демократиянын талаптарына шайкеш өттү. Бирок, мыйзам чыгаруу жыйынынын бир катар депутаттары талкуу учурунда мындай пикирди төгүнгө чыгарды. Маселен, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрага орун басары Кубатбек Байболов:
-Мурунку шайлоодо өз округубуз менен алек болуп атып, шайлоонун жүрүшүнө жакшы көз чаптыра албай калыптырбыз да. Мен бул жолу дакат карап, өзүм да катышпадымбы. Менин оппоненттерим Байболов аялын өткөрө албай, ыза болуп айтып атат, деши мүмкүн эле. Өттү. Биринчи болуп өттү. Бирок, кеп анда эмес, кеп мен өз көзүм менен көргөн акыйкатсыздыкта, көз көрүнөө көз боемочулукта болуп жатат, урматтуу депутаттар - дейт.Ушундай эле көз карашты депутат Өмүрбек Текебаев да билдирди:

- Маселен, Бишкек шаарынын шайлоочулары принципиалдуулугун көп жерлерде көргөзө алган жок. Бир келип сүйлөбөгөн талапкерлер эле 1000 сомдон берип ар бир шайлоочуну сатып алган учурлар болду.

Бирок, талкууда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун тыянактарына караганда, келерки парламенттик шайлоо депутаттардын бүйүрүн көбүрөөк кызытты. Президенттин жардыгы чыкканга чейин эле жер-жерлерде мал союлуп, акча таратылып, ар кыл жол менен шайлоочуларды сатып алып жатат деген дооматтар айрыкча көп болду. Бул ириде атка минерлердин аракеттери, кийлигишүүлөрү менен байланыштырылды. Мындай мыйзам бузууларды жоюу үчүн өкмөт кескин чара көрүшү керек деген талабын депутат Акылбек Жапаров койду:

- Бүгүн Танаев «бошотулду» деп чыгарыш керек… Мобу жерде отуруп алып Акаевди шыбап, губрентор боло калып аны кайра мактап… эшигин ачып, жүгүргөндөрдүн бардыгына айтып коеюн деп атам, аткаруу бийлигиндегилердин баарын азыр «жок» кылыш керек, бошотуш керек.

- Мыйзам боюнча бүгүнтөн баштап подкуп (шайлоочунун добушун сатып алуу) болбошу керек, - деди депутаттардын пикирин жактабаган өкмөттүн башчысы Бекболот Талгарбеков, - Демек, ошол шайлоого барам деген кишилер барып, мал союп, тигинте баштаса, аны атаандаштары жазышы керек дагы, каттап туруп, сотко бериши керек

Маселени талкууга даярдаган соттук-укуктук жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Азимбек Бекназаровдун пикиринде, парламент ушундай мыйзам алуу менен, добуш сатып алууга өзү жол берген:

- Өзүбүз мынабу Конституциянын 36-беренесинин үчүнчү пунктуна: «Талапкерлерге, алардын жакын туугандарына, ишенимдүү адамдарына, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, саясий партияларга, шайлоо блокторуна дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга тыюу салынат.» Демек, бүгүнкүгө чейин сатып алса боло берет дептирбиз.

Депутат Бектур Асановдун пикиринде, буга чейин бир да шайлоо калыс өткөн эмес жана ошол эле эреже келерки шайлоодо да кайталанат. Акыйкаттыкты элдин өзүнүн жардамы менен гана орнотуу керек деп эсептейт депутат:

- Бизде эч кандай стихиялык чыгуу болбойт. Эл Грузия менен Украинадан кем эмес, тартип менен, мыйзамдын чегинде эл колдоп берет, деп көчөгө чыгып, бизди колдоп берет деп, терең ишенем.

Бул күнкү талкууда 17 депутат жарыш сөзгө чыкты. Бирок, бир тыянакка келе алыган жок. Соттук-укуктук жана мыйзамдуулук комитети «Студенттерди, жаштарды, мугалимдерди, дарыгерлерди жана пенсионерлерди Парламенттик, президенттик шайлоого күжүрмөн катышууга» чакырган кайрылуунун долбоорун таратып берген. Парламент мүчөлөрү кайрылуудан тышкары маселе боюнча атайын токтом кабыл алуу демилгесин көтөрүштү. Депутат Акылбек Жапаров Борбордук Шайлоо комиссиясынын палатадан шайланган төрт мүчөсүн кайра чакыртып алып, анын ордуна башка өкүлдөрдү шайлоону сунуш кылды. Маселе боюнча токтомго депутаттар дүйшөмбүдө добушка коймок болду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG