Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

К.БАКИЕВ: «ШАЙЛООНУН АДИЛЕТ ӨТӨӨРҮНӨ ИШЕНБЕЙМ»


Кыргызстан элдик кыймылынын лидери,Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу жыйын депутаты Курманбек Бакиев менен маек.

Курманбек мырза,көпчүлүк депутаттар өз округдарына барып келгенден кийин парламенттик шайлоо калыс өтөөрүнө ишенбестигин айтышып,буга бийлик атайын штаб түзүп өз талапкерлерин өткөрүү аракетин көрө баштагандыгы башкы себеп деп айтышты. Сиз кандай ойдо турасыз?

БАКИЕВ:-Шайлоо мыйзам чегинде акыйкаттуу өтөт деп айтыш кыйын болуп турат. Себеби, азыркы көрүнүштөрдөн улам үмүт жок. Айрыкча, Жалалабад шаарында да ушундай аракеттер көрүлүп жатыптыр. Мисалы 150 орундук жатаканаларга 600-800 студентти каттап жатышыптыр. Башка жактан келгендерди да каттоо жүрүүдө. Анан калса каттоого алуу мыйзам бузуу менен жүргүзүлүп жатыптыр. Бул аракеттердин бардыгы кээ бир талапкерлерди колдоо үчүн жасалып жатат. Акимдердин алмашуусу да бекеринен эмес. Көп райондордун акимдери алмаштырылып жатат. Алар мыйзам чегинде төрт жыл иштеши керек.

-Шайлоодо мыйзам бузуулар болбошу үчүн «Кыргызстан элдик кыймылы» азыр кандай аракеттерди көрүп жатат?

БАКИЕВ:-Биз,биринчиден, участкалык шайлоо комиссияларына саясий партиянын өкүлдөрүн киргизели деп жатабыз. Мына биздин кыймылда тогуз саясий партия бар. Ошол партиялардын өкүлдөрүн жергиликтүү жамааттардын чогулушунда көрсөтүп, шайлоо комиссиясынын үчтөн бирин түзгөнгө аракет кылабыз. Жок дегенде, ушул жагынан аракет кылбасак шайлоонун мыйзам бузуу менен өтүшү мүмкүн.

-Азыр шайлоого тышкы күчтөрдүн таасири күчтүү болот деген сөздөр айтыла баштады.Чет өлкөлүк көп аналитиктердин айтымында, КМШдагы шайлоолор АКШ баштаган батыш мамлекеттеринин менен Орусиянын талашынын ортосунда болот жана ал шайлоо маалында катуу карама-каршылыктарды пайда кылат деп жатышат.Мындай ойлорго сиздин көз карашыңыз кандай?

БАКИЕВ:-Менин оюмча, ушул божомолдор туура. Бизде да шайлоо оңой болбойт, татаал болушу мүмкүн. Албетте, аны убакыт көрсөтөт. Президенттик шайлоого бир топ убакыт бар,бирок, анын мыйзам бузууларсыз өтүшү же чыр-чатактардын болушу кийинки парламенттин тутумуна жараша болот. Кийинки парламентке элдин кызыкчылыгын ойлогон талапкерлер акыйкаттык менен шайланып келсе туура болот жана чатак чыкпайт. Эгерде бийликтин аракети менен жалаң гана бийликтин айтканын колдогон депутаттар келсе катуу талаш-тартыштарды пайда кылышы толук мүмкүн.

-Ал эми кыргыз талдоочуларынын баамында, шайлоодо катуу таймаш сиз жетектеген «Кыргызстан элдик кыймылы» менен «Алга, Кыргызстан» партиясынын ортосунда болчудай. Сиз бул боюнча кандай ойдосуз?
БАКИЕВ:-Мына акыркы мезгилде көп кыймылдар пайда болду. Менин оюмча, биз ошол жаңы түзүлгөн кыймыл, бирикмелер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп,өз ара келишимге келебиз деген үмүт бар. Себеп дегенде, «Кыргызстан элдик кыймылы» 42-43 шайлоо округунан чыга турган талапкерлерди колдойбуз деп жатабыз. Калган округдар азырынча бош. Демек, биздин кыймылдын колдоосу менен чыгабы, башка кыймылдын көмөгүн алабы же өзүн-өзү көрсөтүп чыгабы бизге алардын, алардын бизге каршылыгы жок. Биз тескерисинче, башка кыймыл колдой турган талапкер биздикинен күчтүү болсо ага жол берели деп жатабыз. Ошондуктан, бири-бири менен кагыштырып, ортодо башкалар өтүп кетпеси үчүн бир келишимге келели деп жатабыз. Али убакыт бар. Менин байкашыма караганда, башка кыймыл, бирикмелердин жетекчилеринин ой-максаты деле ушундай.Бири-бирибиз менен чабышпастан биргелешип кеңешип, талапкерлерди ортого салып талкуулап туруп, бир талапкерди колдойлу деп жатабыз.

-Ал эми шайлоо маалында бардык кыймылдардын аракетин бир нукка салуучу жалпы башкаруу болушу мүмкүнбү?

БАКИЕВ:-Мүмкүн.Себеби, максат бирөө. Ал -шайлоого татыктуу талапкерлерди катыштыруу. Максатыбыз бир болгондон кийин сүйлөшүп, жалпы ишти координациялай турган бир чечимге келебиз деп ойлойм.

-Ал эми шайлоо алдында көптөгөн кыймылдардын пайда болушуна айрым саясатчылардын жеке дымактары түрткү берген жокпу?

БАКИЕВ:-Ал бар. Себеп дегенде кээ бир саясатчылар, айрыкча оппозициячыл маанайдагы саясатчылар кичине ичи тардык кылып жатабы же билбейм, мени жактырбай жатышат. Алар Бакиев ушунча жыл аткаруу бийлигинде жүрүп өкмөт башчысына чейин иштеген киши кечээ эле парламентке келип тогуз партияны бириктирип, анан кыймылдын башында кантип туруп калды деген көз караш, сөздөр бар. Мен аны угуп,билип атам. Мен ачык айтып коеюн, мен өзүм бирикме, кыймыл түзөйүн деп бирөөлөрдүн артынан чуркаган жокмун. Аны тогуз партиянын лидерлери өз ара биригишип, кеңешип, анан мага токтолушуптур. Мен «жок» деген жокмун. Мына азыр жакшы иштеп жатабыз, азыркы аракетке ыраазымын. Мына бүгүнкү күнгө чейин Баткен,Ош,Баткен облустарында кыймылдын облустук конференцияларын өткөрүп, өзүбүздүн бөлүмдөрдү түзүп бүттүк. Эми жаңы жылга чейин республиканын түндүк аймагындагы Талас,Чүй, Ысыккөл,Нарын облустарында жана Бишкекте кыймылдын структураларын түзүп, элдин катмарына киргизгенге аракет кылып жатабыз.

-Ал эми айрым депутаттар шайлоо маалында талапкерлер бири-бирине кол салууга чейин барышы мүмкүн деп жатышпайбы, сиз алардын оюна кошуласызбы?

БАКИЕВ:-Эми андан Кудай сактасын, бирок, андайга барышпайт, андай окуялар болбойт деп айта албайм. Себеби, биздин саясатчылардын арасында кылмыштуу топторго жакындар, мыйзам бузган аракеттерге баргандар да бар. Ушундан улам андай окуялар болушу мүмкүн.

:-Сиз президенттик шайлоого барам деп ачык айттыңыз.Ушундан улам кандайдыр бир бут тосууларды байкаган жоксузбу?

БАКИЕВ:-Андай иш-аракеттер башталды. Мага жана азыркы бийликти ачык сындаган депутаттарга каршы иштер башталды. Мындан кийин да күчөөрүнө ишенем.

-Президент Аскар Акаев келерки шайлоого барбайм дегенден кийин анын айланасындагы адамдар эмне үчүн жаңы талапкерлерге бут тосуп жатышат деген ойдосуз?

БАКИЕВ:-Бул, биринчиден, президенттин тегерегинде жүргөн жана ар кандай бийлик структурасынын башында турган жетекчилеринин туура эмес жасап жаткан иштери. Экинчиден, бул эртеңки күндү ойлогон саясат эмес. Алар өзгөрүү болбой, эптеп эле тура берсе дешет. Бийликтин башында тургандар өздөрүнө ишенбейт, алар «эмне болом, көчөдө каламбы» дешип же парламентке бара алышпай убара. Колунан башка иш келбесин билип турушат. Ошон үчүн алар бир гана өздөрүн ойлошуп ушундай иштерге барып жатышат. Эгерде президентти ойлосо, президенттин саясатын туура түшүнүп, аны аткарууга аракет кылышса мындай иштерге барышмак эмес…

-Маегиңиз үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG