Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:47

ЭКС-ЭЛЧИЛЕР КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТКО КАЙРЫЛДЫ, ДАГЫ КАЙРЫЛЫШАТ


Экс-элчилердин парламент шайлоого талапкер катары катышуусу Кыргызстанда чоң талаш чакырган маселеге айланууда. Ага Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасынын экс-элчилердин шайлоого катыша албастыгын ырастаган пикири себеп болду. Мындай чектөө экс-элчилердин атуулдук укугун басмырлоо экенин айтып алардын үчөө парламентке, андан соң Конституциялык сотко кайрылган.

Жаңыланган Шайлоо кодексине ылайык өтүүчү парламент шайлоонун алдында башталган чатак саясий өң-түс алып кетерин Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов момундайча билдирди:

- Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев Кыргызстандын дипломатиялык мекемелеринин ээлеген жери Кыргызстандын тышкы аймагы болуп эсептелбейт. Ошондуктан элчилер келаткан парламенттик шайлоого катышууга укугу жок, деп түшүнүк берип атпайбы. Ошого байланыштуу биз Жогорку Кеңешке түшүндүрмө бериңиздер деп чыкканбыз. Алар болсо биздин өтүнүчтү аткарбай, саясий оюндарга алаксып атышат. С.Иманбаев келтирип аткан жүйө конституциялык нормага каршы келет деп Конституциялык сотко кайрылдык. Конституциялык сот карап, «сиздерге азыр кайрылган сурооңуздар боюнча сот ишин ачууга негиз жок. Себеп дегенде, силердин атуулдук укугуңар бузула элек. Мүмкүн, силерди шайлоого каттайт. С.Иманбаевдин ою расмий чечим эмес», деген жоопту беришти.

Кыргызстандын АКШ, андан соң Улуу Британиядагы элчиси, соңку эки жылы Улуттар Уюмунун башкатчысынын грузин-абхаз чатагын жөнгө салуу боюнча орунбасары кызматын аткарып келген Роза Отунбаеванын ырасташынча, алдагыдай маселенин чыгышы Кыргызстанды эларалык уюмдар алдында осол абалга капталтат.

- Бул жерде, албетте, белгилүү инсандар тууралуу кеп болууда. Алардын баары элчи болгонго чейин бул жерде эле иштешкен. Кийин кызматына жараша чет өлкөдө Кыргызстандын атынан чыгып, өлкөнүн таламын талашып, кызыкчылыгын коргогон адамдар. Элчиликте толгон-токой суроолор болот. Мына мен, 1992-жылы Кыргызстандын АКШдагы элчилигин ачканыбызда биздин өлкө картада деле жок болчу. Бизге карап Кыргызстан кандай өлкө экенин билишти десем болот. Ошол жылдары биз жүздөгөн тонна буудайларды бул жакка жеткиргенбиз. Эми болсо аны айрымдар чанып атышат. Кыязы, ошо кездеги жеген наны ичин оорутуп, ашказанын бузуп аткан окшойт. Биз болсо Кыргызстан кыйынчылыктан эртерээк чыксын үчүн эларалык уюмдарга кайрылып, Эларалык валюта коруна, Дүйнөлүк банкка кирип, кыргыздын өз акчасын чыгарууга аракет кылганбыз. Ушундай эле иштерди менин кесиптештеримдин баарысы айта алышат,- дейт Роза Отунбаева.

Анын айтымында, чет өлкөлөрдөгү кыргыз элчиликтери ээлеген жер Кыргызстандын жери экенин далилдеп отуруштун өзү уят нерсе.

- Чындыгын айтсам, эларалык уюмдар, элчилер жамаатынын алдында антип отуруштун өзү уят эле иш. Биздин өлкөдө ушинтип өзүм билемдик кылып, каалагандай түшүндүрмө бере берчү чала сабаттар көп деп айталбайм. Ар ким өзүнө жараша болот. Азыркы өкмөт, ушу тапта башкарып отургандар деле убакты-сааты келгенде кетишет. Бирок да коом өзүн-өзү минтип жок жерден кыйнай бербеши керек. Азыр экс-территория дегенди билбеген чала сабат экенсиңер деп баары бизге күлүп атышат,- деп билдирди Роза Отунбаева.

Кыргызстандын мурунку Тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев элчилерге байланыштуу чыккан маселенин үч өңүтү бар деп эсептейт. Биринчиси - саясий, экинчиси – укуктук, үчүнчүсү – гуманитардык.

- Шайлоо кодексинин 39-беренеси так жазылган эмес. Укуктук жагынан так, конкрет ырасталган эмес. Анын үстүнө бул берене түздөн-түз иштебейт. Ага тийиштүү түшүндүрмө керек,- дейт Муратбек Иманалиев.

Мамбетжунус Абыловдун айтымында, шайлоо алдында чыккан тоскоол парламентке депутаттыкка талапкерлерди негизги иштен алаксытып, алагды кылгандан башкага жарабайт.

Кыргызстан Конституциясынын гаранты президент А.Акаев парламент шайлоону эларалык коомчулукка үлгү болордук деңгээлде өткөрүү чакырыгын таштап, экс-элчилер маселесине кезектеги элге кайрылуусунда токтолгон жок.

- Келаткан парламенттик шайлоону үлгү болгудай, бийик эларалык стандарт деңгээлинде ачык, демократиялык атаандаштык шартында өткөрүү зарылдыгын кийинки кездери такай айтып келатам,- деп билдирди
XS
SM
MD
LG