Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

Жылдагыга караганда чет элдик туристтер быйыл Кыргызстанда арбын болушту. Алардын көпчүлүгү тоо туризми боюнча келишкен. Айрым туристтик фирмалардын билдиргенине караганда, республика аймагында тейлөө кызматы эл аралык талаптарга жооп бербейт. Анын кесепетинен өлкө аймагына келүүчү туристтердин саны кыскарууда. Ал эми өкмөттүн маалыматы боюнча туризмден түшкөн каражаттын теңинен көбү мамлекеттик казынага түшпөй, көмүскө колдонулган.

Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл Кыргызстандын аймагына чет элдик туристтер бир кыйла көп келген. Тактап айтканда, чегара кызматынын маалыматы боюнча, 1 млн 400 миңден ашуун чет элдик атуулдар турист катары катталып өтүшкөн. Спорт,туризм жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Өкмөтбек Алмакүчүковдун билдиргенине караганда, өткөн жылы өкмөт тарабынан туризмди өнүктүрүү боюнча кабыл алынган токтомунун негизинде, чет элдик туристтердин саны арбууда.

-Өкмөт тарабынан былтыр алынган токтомдун негизинде, виза алуу жеңилдетилип, бир катар бюрократтык тоскоолдуктар жоюлду. Быйыл чет элдик эс алуучулар арбын. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл 9 айдын ичинде алардан түшкөн киреше 41% көп болду.Жалпы саны 52 млн 800 миң долларды түздү.

-деди Өкмөтбек Алмакүчүков. Анын айтымында, быйыл Ысыккөл облусундагы курортук эс алуу жайларынан киреше эки эсе көп түшкөн. Тоо туризминен да жергиликтүү тургундар пайда көргөн. Ал эми өкмөт башчы Николай Танаев туризм тармагынан түшкөн кирешенин жарымынан көбү көмүскө пайдаланып жатат деген ойдо.

-1млн. 411 миң чет элдик атуул келиптир.Былтыркыга салыштырмалуу көрсөткүч абдан мыкты дедиңер. Жөнөкөй эле арифметика менен алып көрөлүчү. Бир турист 100 доллар төлөгөн күндө дагы 142 млн. доллар түшүшү керек эле. Калган акча кайда? Демек көмүскө иштеп жатасыңар. Ал эми азыр мейманкананын бир күндүк акысы эле 100 долларды түзөт.

-деди Николай Танаев. Ал ошондой эле республикадагы атайын каттоодон өткөн туристтик фирмалардын саны 4 миңден ашса дагы, ал фирмалар туризмди өнүктүрүү эмес өз чөнтөктөрү үчүн иштеп жаткандыгын белгиледи. Тоо туризмине кызыккан чет элдик атуулдардын саны көбөйгөнү менен аларды чакырган туристтик фирмалар туристтердин коопсуздугу үчүн кепилдик кылышпайт. Эптеп эле чет элдиктердин акчасын алууну көздөп, тейлөө кызматынын деңгээли өнүкпөй жатат, деген оюн айтты. Тоо туризми менен келишкен чет элдик атуулдар кырсыкка учураганда, аларды куткаруу иши өкмөткө жүктөлүп, жыйынтыгында өкмөттү күнөөлөгөн жагдайлар түзүлүп жатканын билдирди.
Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмаз Камчыбековдун пикиринде, тоо туризми боюнча шыгуулданган жеке фирмалар чет элдик туристтин коопсуздугу үчүн толук кепилдик алуусу зарыл. Эгерде бийик тоо арасында туристтер кандайдыр бир кырсыкка чалдыкса, аны куткарууга кеткен чыгымдарды туристтерди алып келген туристтик фирмалар төлөөсү керек. Ошондой эле туристтик фирмалар аба ырайы тууралуу маалымат алышпай, саякаттык жүрүштөрдүн картасын, жердин шартын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашпай өз алдынча иш алып барууда. Анын кесепетинен куткаруу иштеринде бир кыйла кыйынчылыктар түзүлүүдө. Ошондуктан туристтик фирмалар Экология министрлиги менен тыгыз иштеши керек, деген пикирде министр орун басары Алмаз Камчыбеков. Ал эми “Жибек жолу” туристтик ассоцациясынын президенти Владимир Комиссаров Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сунушуна каршы.

-Кырсыктардан куткаруу чыгымдарын фирмалар төлөсүн деген сунушка кошула албайм. Эгерде туристтик фирмалар экология министрлигине көз каранды болсо, анда кошумча бюрократтык бут тосуулар болот. Министрликтен тышкары өз алдынча профессионал куткаруучулар кызматын түзүү керек. Чет элдик туристтерди тейлөө кызматы боюнча мыкты мейманканалар курулушу абзел. Бул ишти өкмөттүк деңгээлде колго албаса, биз туристтерди кайра качырабыз.

-деди Владимр Комиссаров.
Өкмөт башчы Николай Танаев эл аралык талапка жооп берүүчү кымбат мейманкана салууга өкмөттүн чамасы жоктугун, туристтик фирмалар инвестиция таап келсе өкмөт тарабынан ар тараптуу колдоо болоорун билдирди. Ал ошондой эле өлкө аймагында туризмди өнүктүрүү багытында Австрия, Швейцария, Орусия, Казакстандын тажрыйбасын колдонуп, тиешелүү министрликтин туристтик фирмалар менен чогуу алдыда аткарылуучу иш чаралардын планын иштеп чыгуусун сунуштады.
XS
SM
MD
LG