Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:14

12-декабрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин билдирүүсү боюнча 12-декабрда Кыргызстанда түнкүсүн айрым аймактарда кар жаайт, күндүз сейрек булут каптап турат.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска жылуу, күндүз +8…+13 градус жылуу болот.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн 0…-4 градус суук, күндүз +7…+12 градус жылуу.
БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД, ОШ аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9 градустан …+14 градуска чейин жылыйт.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн 0…-5 градуска суук болуп, күндүз +5…+10 градус жылуу болушу күтүлөт.
НАРЫН облусунда түнкүсүн –5…-10 градус суук, күндүз –1 градус сууктан +4 градуска жылуу.
Борборубуз БИШКЕКТЕ ала булут каптап турат, кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-1 градус суук, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.


Жаңылыктар топтомун Азиза Турдуева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды

Редактору Султан РАЕВ.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG