Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:35

Жаңы программа түзүлөбү?


БИШКЕК. Эл аралык валюта корунун миссиясы Бишкектеги жолугушууларда кыргыз өкмөтү менен жаңы үч жылдык программа түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоодо. Бул тууралу валюта корунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, миссия башчысы Тапио Саавалайнен өкмөт башчы Николай Танаев менен жолугушууда «эгерде Кыргызстан кааласа жаңы үч жылдык программа түзүүгө болоорун» билдирген. Жаңы программада өлкөнүн тышкы карыз маселесин чечүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленмекчи. Ал эми тышкы карызды реструктризациялоодон кийин болсо бюджет таңсыктыгын көбөйтпөө, экспортту, ишкерликти өстүрүү, инвестицияга шарт түзүү Эл аралык валюта кору тарабынан сунушталмакчы. Миссиянын ишинин жыйынтыгында 17-декабрда Тапио Саавалайнен адаттагыдай эле маалымат жыйынын өткөрөт, деп белгилешти валюта корунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG