Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

Нарын шаарындагы төрт кабаттуу имараттан чыккан өрттөн эки наристеси менен эне набыт болду


НАРЫН. Бул имаратта мурда медициналык окуу жайы жана шаардык бейтапкана жайгашкан. Соңку жылдары үй жайлары жок, оокаты тартыш үйбүлөөлөргө турак-жай катары берилген . Мында жашаган Толгонай Шайева, Айнура Жолдошбаеванын айтымында, 7-декабрдан тарта маал-маалы менен узак убакыт электр энергиясы берилген эмес. Каргаша болоор 10-декабрда да трансформатор атылып кетип, ал күнү жарыксыз, жылуулуксуз калышкан. Жалгыз бой тиричилик кылган Таалайкүл Ордобаева үйүн шам чырак менен жарык кылып коюп, бармактай эки кызы, төрт жарым жашар Айдай, эки жарым жашар Айдана үчөө уктап калышат. Алдын ала божомол боюнча шам чырак жыгылып, өрт ошондон тутанды деген пикирлер айтылууда. Түнкү саат он чамалаш маалда ачуу чаңырыктан коңшулар эшикти талкалап ача салганда, өрт башталат. Таалайкүл эки чүрпөсү менен жалындын арасында калат. Кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG