Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:49

ШАЙЛОО АКЫЙКАТ ӨТҮҮ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?


Келерки парламенттик шайлоо демократиялык принциптерге шайкеш, акыйкат өтүү үчүн эмне кылуу керек? Бул саясий партиялардын, жарандык коомдун учурда талкуулап жаткан талылуу маселелердин бири болууда. Бул маселеге ушул аптанын акыркы эки күнүндө өткөн Бишкек жолугушууларында ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун эксперттери да кызыгышты.

Президент Аскар Акаев Парламенттик шайлоо өткөрүү тууралуу жардыгына байланыштуу элге кайрылуусунда шайлоонун эл аралык стандарттын чегинде өтүшүн камсыздоо үчүн бардык аракеттерди көрөрүн убада кылды.

Бирок, коомдук жана саясий чөйрөдө шайлоонун акыйкат өтүшүнө ишеним аз. Талдоочулар муну мурдагы шайлоо өнөктүктөрүнүн тажрыйбалары, бийликтин акыйкат шайлоого кызыкдар эместиги өңдүү өңүттөр менен негиздешет жана акыйкат шайлоонун механизми али иштелип чыга элек деп санашат. Маселен, «Эрк» партиясынын төрагасы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бектур Асанов парламентте сүйлөгөн сөзүндө:

- Буга чейин үч-төрт жолу шайлоо өттү, мамлекетибизде. Буга чейин бир дагы шайлоо туура болбогондон кийин, мындан кийинки шайлоо да адилеттүү болбойт. Эл бүгүнкү бийликке ишенбейт деп ачык айтсак болот.

Ал эми Кыргызстан элдик кыймылынын төрага орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун айтымында, парламенттик шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар эмитен эле башталды:

- Шайлоо сөзсүз мыйзам бузуучулук менен өтөт. Участкалык комиссиялар бүгүндөн (жардык чыккан күндөн) баштап түзүлүш керек эле. Алар ушул убакка чейин эле түзүп коюшту. Мунун өзү шайлоону одоно бузгандык болуп эсептелет, - деген депутат Бекназаров мыйзам бузуучулукка жол бербеш үчүн талапкерден тартып, байкоочуга чейин мыйзам бузууларга каршы жапырт күрөшү керек экенин белгиледи.

«Алга, Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Мелис Жунушалиевдин пикиринде, жазылган мыйзамды так аткаруу гана шайлоонун чыр-чатаксыз, акыйкат өтүшүн кепилдейт. Ошондуктан, партия ыплас технологияны колдонууга жол бербейт:

- Ыплас технология дегенди пайдаланбаш керек. Шайлоо жараянынын субьектилери, алар саясий партиялар болобу, талапкерлер болобу, ишти «Шайлоо кодексинин» чегинде, ачык-айкын жүргүзүлүш керек. Биздин партия ушул багытта иштейт.

Шайлоонун акыйкат өтүшүнө мамлекеттин кызыкчылыгы жок болгон үчүн шайлоо өнөктүктөрү мыйзам бузуулардан арыла албай келатат деген пикирдеги саясатчылардын бири «Социалисттик Атамекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев:

- Мыйзамдуулукту сактоо биринчи кезекте мамлекеттин милдети. Президент кепили, өкмөт болсо мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөш керек. Эгер мыйзам бузуучуларды кармабаса, соттобосо, карапайым эл эч нерсе кыла албайт. =

Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын айтымында, эл менен иштеш керек:

- Тууганчылык, жер-жерге бөлүшүү, ар нерсе таркатуу сыяктуу. Анан ошол курсактын айынан алып койгон нерсеге байланып добуш бериши мүмкүн. Ушундай нерселерден алыстатыш үчүн эл менен иштеш керек.

Ал эми «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын төрагасы Эдил Байсалов парламенттик шайлоонун акыйкат өтүшүн камсыздоо ириде Президент баштаган бийликтин саясий эркинен, шайлоо комиссиясынын жана соттун көз карандысыз иш алып барышынан көз каранды дейт:

- Элибиз таза, ачык, демократиялык өнүгүүгө умтулган эл. Бирок, ушул жерде үч фактор болбогондуктан, ушундай болуп атат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG