Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

Украиналык боксер Виталий Кличко дүйнө чемпиону наамын коргоп калды


Лас-Вегаста өткөн оор салмак боюнча мелдеште Виталий Кличко британиялык атаандашы Дэнни Уильямсты сегизинчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алды. Муну менен ал өзүнүн дүйнө чемпиону наамын дагы бир ирет коргоп калды.
Мелдештен соң Кличко бул жеңишинин маанилүүлүгүн мындайча белгиледи:

- Бул менин өлкөмдүн эли үчүн абдан маанилүү. Бардык трибуналар, менин спорттук кийимим да эмне үчүн кызгылтым-сары түстө экенин түшүнсөңүздөр керек.Бул украин төңкөрүшүнүн өңү. Мен демократия үчүн күрөшүп жаткан элимди колдоймун


Эл аралык жаңылыктарды Прагадан Шайырбек Эркин уулу даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG