Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:55

Филиппиндин Хенерал-Сантос шаарынынын базарында жарылуу болду


Аталган өлкөнүн түштүгүндөгү-Хенераль-Сантос шаарында базардагы жарылуудан 13 адам каза тапканы айтылууда.Мындан сырткары элүүдөн ашуун киши жаракат алган. Полициянын маалыматына караганда жардыргыч заттар шаардык базардан анча алыс эмес ресторанга коюлган.
Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү мындан мурдараак мусулман-козголоңчуларынын “Абу-Сайяф” тобу тарабынан террордук актылардын болушу мүмкүндүгү тууралуу маалыматтар болгонун белгилешүүдө.Аталган топ “Жамаа-Исламия” экстремисттик уюму менен байланышы бар экени да айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG